Маркум Улан Эгизбаев «Эрдик» медалы менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, «Эгизбаев Уланбек Токтосуновичти (каза болгондон кийин) „Эрдик“ медалы менен сыйланды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 30-августта тараткан маалыматта «Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды» деп жазылган.

Эскерте кетсек, журналист Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө жубайы менен эс алып жүргөндө көлгө чөгүп каза болгон. Ал 28 жашта эле. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.