31-августтан 3-сентябрга чейин өлкө аймагындагы болжолдуу аба ырайы

31-августта Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

1-сентябрда жана 2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-сентябрь күнү күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондордо жаан-чачын, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13 күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7 күндүз 22…27

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 10…15 күндүз 25…30

Ысык-Көл областында түнкүсүн 7…12 күндүз 17…22

Нарын областында түнкүсүн 1…6 күндүз 17…22

Ал эми Бишкек шаарында 31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 31-августта түнкүсүн 10…12 күндүз,  26…28, 1-сентябрда түнкүсүн 12…14 күндүз 25…27, 2-сентябрда түнкүсүн 11…13 күндүз 21…23.