4-сентябрга карата аба ырайы

4-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 20…25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15. күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 8…13.

Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.