Кызматташууну гана эмес, өз ара боордоштукту да билдирген иш сапары

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Анын алкагында бир катар иш чаралар өтүп, аларда эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири спектри талкууланды.

1-сентябрда Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жогорку кеңешинин жыйынына катышышты.

Анда  сүйлөгөн  сөзүндө  Президент С.Жээнбеков: «Стратегиялык кызматташтык жогорку кеңешинин жыйыны биздин стратегиялык кызматташтыкты мындан дагы бийик деңгээлге көтөрөт. Бул кеңеш Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ишенимдүү жана ачык сүйлөшүүлөрдүн, эки тараптуу жана эл аралык маселелерди конструктивдүү чечүүнүн туруктуу куралы болуп калды», — деди.

Ошону менен бирге экономикалык карым катнаштын динамикасы эки тараптуу саясый байланыштардын деңгээлинен артта калып жатканын белгилеп, ал бул чөйрөдө ишке ашыра элек потенциал арбын экенин баса белгиледи.

«Түркия Кыргызстандын тышкы соода  чөйрөсүндө  ири  соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары өзгөчө орунду ээлейт. Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. долларга чейин көтөрүү боюнча биз мурда аныктаган максаттарды иш жүзүнө ашырууга бардык дараметибизди жумшообуз зарыл, — деди С.Жээнбеков. — Артыкчылыктардын жалпы системасы (ВСП+) сыяктуу товар жүгүртүүгө дем берүүнүн бар болгон каражаттарын колдонуу абзел».

Мамлекет башчы өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын издөө жана экономикалык мамилелерди күчөтүүгө керектүү импульс берүү зарыл экенин баса белгилеп, экономикалык кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, анын жаңы формаларын орнотууда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Президент глобалдык жана аймактык жаңы  чакырыктарга  жана  коркунучтарга жооп берүү максатында өз ара тажрыйба алмашуунун жана кызматташуунун маанисин өзгөчө баса белгиледи. Бул маселелер боюнча Кыргызстан эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да чогуу аракет жасап, аскердик жана аскер-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү күчөтүүгө даяр экенин билдирди.

Түркия Президенти Р.Эрдоган өз сөзүндө кызматташтыктын бардык спектрлери боюнча — саясатта, экономикада, аскерий кызматташтыкта, аба каттамдарында, транспорттук инфраструктурада, медицинада, билим берүүдө жана маданиятта кызматташууну күчөтүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

«Ушул бардык багыттар боюнча эки та-раптуу  кызматташтыктын деңгээлин  көтөрүшүбүз  керек. Түркия БУУда жана башка эл аралык уюмдарда ар дай-ым Кыргызстанды колдойт”, — деди Түркия Президенти.

Ал эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өзгөчө баса белгилеп, Жогорку Кенеште достук тобу бар экенин жана Түркия парламентинде  да  ал  ишин баштай турганын белгиледи.

Андан тышкары, Р.Эрдоган эки өлкө ортосундагы товар жү гүртүүнүн  деңгээлинин тө мөн  экендигин  белгилеп, анын  көлөмүн  1  млрд.  долларга  жеткирүүгө  чакырды. Ошону  менен  бирге  ал  түрк

бизнесмендерин колдоого чакырып, Түркия Кыргызстанга инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.

Түркия Президенти кыр-гыз-түрк маданий борборун ачууга, “Маариф” фонду менен тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи. Ал Түркия 2020-жылы Төртүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин өзүнө алганын, бул эки тараптуу кызматташтыкты мындан да бекемдей турганын жана оюндар Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн билдирди.

Режеп  Тайип  Эрдоган  ошондой  эле Түркияда дарылануу үчүн кыргызстандыктарга квотаны көбөйтүү ниети тууралуу билдирди.

Ушул эле күнү эки тараптуу кызматташууну андан-ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзүү чү 12 документке кол коюлду.

Андан  кийин  президенттер  жалпыга маа лымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.


2-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк бизнес-форуму болуп өттү. Бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын дараметин арттыруу, ошондой эле өз ара аракеттенишүүнүн келечегин аныктоо максатын көздөгөн бизнес-форумга Түркиянын жана Кыргызстандын ар кыл тармактарындагы алдыңкы компаниялары, тийиштүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюм-дардын өкүлдөрү катышты.

“Эми  экономикалык  кызматташууга, биздин ишкерлерибиздин өз ара аракетине дем берүү мезгили келди. Мустафа Кемаль Ататүрк: «Бир дагы улут анын жашоосунун, бактысынын жана бакубаттуулугунун өзөгү болгон экономикасына көңүл бурбай кое албайт» деп айткан. Бүгүн ушул залда өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө маңдай тери, адал эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан адамдар отурушат. Форумдун аудитория сынын басымдуу көпчүлүгүн эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү түзөт. Түркия менен өзгөчө ишеничтүү алакабыз бар. Боордош түрк өнөктөштөрүбүзгө дайыма эшигибиз ачык, алар менен жолугуу га дайыма кубанычтабыз», — деп баса белгиледи өз сөзүндө С.Жээнбеков.

Ал Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана берилген жеңилдиктер, биздеги электр энергиясына арзан баа жөнүндө да кеңири маалымат берди. Мамлекет башчы Кыргыз Республикасында ишкерлик кылгысы келген түрк бизнесинин өкүлдөрүн Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган түркиялык бизнесмендер Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошооруна ишеним билдирди. Аларды кыргыз кесиптештери менен активдүүрөөк кызматташууга чакырды.

Президент Р.Эрдоган доллардын Түркиянын экономикасына тийгизип жаткан таасирин белгилеп, ошону менен бирге Түркия өз валютасын колдонуу менен Кытай жана Россия менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирип жатканын баса белгиледи жана ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан менен кызматташтыкта да карап көрүүгө чакырды.


Ушул эле күнү президенттер Бишкекте Түркия Республикасынын Диний иштер боюнча башкармалыгынын жана «Диянет» фонду тарабынан курулган мечитти ачуу аземине катышышты.

Анда  сүйлөгөн  сөзүндө  Президент С.Жээнбеков түрк тарапка жана мечиттин курулушуна катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Ал дин чөйрөсүнө кылдат мамиле кылып, дин саясатын ырааттуу жүргүзүү керектигине да токтолду. “Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы тең дин эркиндиги менен заманбап өнүгүүнү ийкем айкалыштыруу жолу менен ийгиликке жеткен. Биздин коомубуз азыркы илимий-техникалык жетишкендиктерди үйрөнүү менен дин тутуу эркиндигин ийгиликтүү айкалыштыруусу абзел», — деп баса белгиледи С.Жээнбеков.


Андан кийин мамлекет башчылары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салышты.

«Манас» университети — кыргыз-түрк мамилелеринин эң ийгиликтүү үлгүсү десем жаңылышпайм. Анткени бул окуу жайы эки өлкө ортосунда түзүлгөн университет катары, 1995-жылдан бери алдыңкы окуу жайлардын сап башында болуп, сапаттуу кесипкөй адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, эки өлкө ортосундагы мамилелердин бекемделишине өз салымын кошуп келет. Университет кыргыз үчүн ыйык болгон Манас атабыздын атын алып жүрөт жана өз ишинде айкөлдүк, достук жана ынтымак, кызматташтыкты бекемдөө принциптерин пайдаланууда», — деди университетте сүйлөгөн сөзүндө С.Жээнбеков.

Ал ошондой эле жакынкы келечекте медициналык факультеттин жана анын 300 орундуу клиникалык ооруканасынын ачылышы менен университеттин аброю мындан ары дагы көтөрүлөрүн белгиледи.

Т.ИСХАКОВ