Шыкмаматовдун соту белгисиз мөөнөткө калды

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү белгисиз убакытка жылдырылды. Аталган соттук жараян  15-майда башталган. Бирок,  жактоочунун бош эместигинен улам 24-майга жылдырылган болчу.

Айыпталгандар “Барат Люкс” компаниясы Бишкектин Свердлов районунда жайгашкандыктан иш ошол райондо каралышы керек деп сотко өтүнүч келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Мындан улам айыпталуучулардын бири Жусуп Иманалиевдин адвокаты бул маселе боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды, натыйжада сот белгисиз мөөнөткө калды.

Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматовго «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда аялына таандык автоунааны тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деген айып тагылып келет. Депутатка кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында баш коргоо чарасынын эч жакка кетпөө түрү каралган.