Айтматов атындагы борбор ачылды

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


2-сентябрда А.Осмонов атындагы улуттук китепканада Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Түрк Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, Маданият жана маалымат боюнча өкүлчүлүгү, Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын (ТIКА) уюштуруусу астында Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунун ачылыш салтанаты өттү. Ага Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жээнбекова менен Түрк Республикасынын биринчи айымы Эмине Эрдоган катышты.

Иш-чарага Президенттин жана Өкмөттүн аппаратынан өкүлдөр, депутаттар, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү катышты.

А.Жээнбекова Эмине Эрдоган айымдын Кыргызстанга келишине жана түрк элинин бул борбордун ачылышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, борбор эки элдин маданий, руханий кызматташтыгына өз салымын кошоруна ишенерин билдирди.

Э.Эрдоган айым кыргыз элинин меймандостугуна ыраазычылык айтып, бул борбордун ачылышы жана иштөөсү эки өлкө үчүн тең абдан маанилүү экенине токтолду. Иш-чаранын жалпы катышуучуларына маалым болгондой, аталган борборго залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бүткүл чыгармачылыгына жана көп кырдуу эмгек жолуна байланыштуу кеңири жана толук маалыматтар, чет өлкөлөрдө көп тилдерде чыккан ки-тептери, гезит-журналдардагы макалалары, маектери, публицистикалык материалдары, сүйлөгөн сөздөрү, документтер, фото-сүрөттөр коюлган.

Ошондой  эле  жазуучунун өзүнүн иштеген столу, машинкасы, калеми, буюмдары, өздүк архивинен кол жазмалары жайгаштырылган. Залкар жазуучунун чыгармалары дүйнө элдеринин 180 тилинде которулган жана 128 өлкөдө басылып чыккан.

Аталган китепкананын директору Жылдыз Бакашованын айтымында, Айтматов атындагы борбордун аянты 980 чарчы метрди түзөт. Борбордо мындан башка да конференц-зал, VIP-зал, «Балдар дүйнөсү» бурчу, китеп окурмандары үчүн компьютердик класс жайгашкан.

Борбор жайгашкан бөлмөлөр ремонттон өткөрүлүп, 14 миң китеп жайгаштырыла турган шкафтар жана компьютерлер менен жабдылган. Түркия мамлекетинин бул аракетин Э.Эрдоган айым түрк элинин Чыңгыз Айтматовго жана кыргыз элине болгон жогорку сый-урматы катары белгиледи жана иш-чара убагында жогорку меймандар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата эскерүү китебине каалоо-тилектерин жазып калтырып, Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган “Айтматовдун ак булуту” аттуу сүрөт көргөзмөсү менен таанышты.

“Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунун “Айтматов ааламы”  бөлүмүндө  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун балалыгы жана жаштык мезгили; ата-энеси, бир туугандары, туулган жери жөнүндөгү маалыматтар; ар кайсы тилдердеги китептери; макалалары; Айтматов жана “Манас” эпосу жөнүндө маалыматтар жазуучу жөнүндөгү адабий жана  илимий  изилдөөлөр, диссертациялар;  белгилүү адамдардын,  калемдештеринин жана замандаштарынын ой-пикирлери; эл аралык “Ысык-Көл форумун” уюштуруудагы эмгеги; эне тилин өнүктүрүү үчүн көргөн кам-кордугу туурасындагы мате-риалдар топтолгон. Ошондой эле сыйлыктары жана наам-дары жайгаштырылган “Атактуу Айтматов”, “Кыргызстан жана Түркия – кызматташтык жана достук жолунда”, “Айтматов ааламы – түрк тилинде”, “Кыргыз-Түрк маданий жана адабий байланыштары” аттуу тематикалык бөлүмчөлөр түзүлгөн”,- дейт Ж.Бакашова.

Жолугушуунун соңунда Ж.Бакашова биринчи айымдарга Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарык көргөн жаңы китептерин белек кылды.

Эми мындан ары мына ушул борбордо эки өлкөнүн экономикалык-социалдык, маданият, агартуу, туризм жана гуманитардык маселелер боюнча иш-чаралары өтүп турушу күтүлүүдө.