Түбү бир түрк мамлекеттеринин көздөгөнү да бир

Шабдан АБылгАзыуулу, “Кыргыз Туусу”


3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Сооронбай Жээнбековдун төрөгалыгы алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммити болуп өттү. Ага аталган уюмга мүчө өлкөлөр Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев катышты. Ошондой эле Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан саммитте ардактуу конок катарында болушту.

Кыргызстан байланышты бекемдөөгө кызыкдар

Саммит  “Улуттук  спорт  жана  жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтык” темасында өтүп жатканын белгилеген Мамлекет башчы Соорон бай Жээнбеков: “Түрк кеңешке мүчө мамлекеттердин инвестициялык кызматташтыгын жана жеке секторлордун ортосундагы байланышты мындан ары дагы кеңейтүүгө чакырам. Товарлардын жана кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн агымына болгон тоскоолдуктарды кыскартуу биздин кызматташтыктын максаттарына туура келет. Биз экономиканы диверсификациялоо, транспорттук коридорду кеңейтүү, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерине көңүл буруу зарыл деп эсептейбиз. Ушул максатты көздөп, экономика министрлеринин жана экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтордун иштерин жандандырууну сунуштайбыз”, — деди.

Түрк элдеринин биргелешип чече турган маселелери көп. Маселен акыркы окуялардан улам Түркиянын экономикалык жактан АКШ менен тирешүүсү түрк валютасы – лиранын курсунун кескин төмөндөшүнө алып келди. Мындан улам Президент Эрдоган буга чейин Бишкектеги форумда сөз сүйлөп жатканда түрк лирасы менен соода жүргүзүү жолун караштырып көрүүнү сунуштаган эле.

Соода-экономикалык байланыш дегенде сөз кыла турган дагы бир долбоор бар. Ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоору. Бул өз ара байланышты бекемдөө үчүн бардык тарапка керектүү долбоор болуп саналат. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун аталган долбоор Кыргызстанга маанилүү экенин белгилегенине  ал  долбоорду өзбек тарап да чыдамсыздык менен күтүп жатканын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев кошумчалап кетти.

Андан  тышкары  маалыматтык  байланыштар жаа тында  киберкоопсуздук, электрондук өкмөт жана спутник байланыштары боюнча жумушчу топтордун иштерин жандандыруу маселеси бар. Мына ушу жагдайды  астейдил  белгилеген Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков: “Уюмдун мурунку саммитинде демилгеленген маалыматтык-байланыш технологиялар  жаатында кызматташуу процессин алга жылдырууга бардык тараптарды чакырам. Бул багытта Кыргызстан “Таза  Коом” санариптик трансформациянын улуттук программасын ишке ашырууда. Ошондой эле Түрк кеңешинин өлкөлөрү үчүн чоң ролго ээ болчу TASIM долбоорунун экинчи этабына кызыкдар экенин билдирем. Анын чыгыш менен батыштагы ири маалымат алмашуу борборлорун бириктире турганы биз үчүн да маанилүү”, — деп билдирди.

Мамлекет башчы белгилеп жаткан TASIM долбоору трансулуттук оптика-волокондуу линияны салууну максаттаган. Ал Батыш Европадан Чыгыш Азияга чейин созулуп, биринчи этабында аймактык өлкөлөр жана операторлор негизги интернет инфраструктураны түзөт. Ал эми экинчи этабында ыңгайлуу баада деңизге чыгуу жолдору жок өлкөлөргө байланышты камсыздоо болуп саналат.

Жаштарды бөтөн идеологиядан сактоо зарыл

Саммитте Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Казакстанды камтыган “Заманбап Жибек жолу” туристтик пакетин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргызстан бардык аракетин жумшоого даяр экендигин белгиледи. Негизи эле туризм тармагында Кыргызстан жасап келе жаткан иштер арбын. Ошол эле III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мааниси чоң экени талашсыз. Аталган оюндар бүткүл көчмөн элдерин бириктирүү максатын да көздөйт.

Ааламдашуу доорунда ар кыл идеологиянын таасири күчөп турган учуру. Бул учурдун эле эмес, келечектин көйгөйү болуп калуусу толук ыктымал. Себеби, жаштардын ар кандай идеология менен “сугарылуусу” келечекте идеологиялык тирешке алып келүүсү толук ыктымал. Бул багыттагы маселени да көңүл сыртында калтырбаган Мамлекет башчы  Соорон бай Жээнбеков: “Азыркы геосаясый шарттарда тектеш мамлекеттердин жаштарын боордош элдердин маданиятын, тилин, тарыхын жана салттарын сыйлоого жана улуттар аралык сабырдуулукка үйрөтүү өз гө чө мааниге ээ. Бул иштер жаштардын радикалда шуу суна, фанатизм, зомбулук жана бөтөн идеологияны кабыл алуусуна бөгөт тү зөт. Жаштардын аң-сезимине терс таасирин тийгизген ар кандай деструктивдүү күчтөргө каршы аракет болуп калат. Жаштардын инновациялык долбоорлорго жана ишкердикке кызыгуусун арттыруу максатында экономикалык жана гуманитардык багыттардагы атайын долбоорлорду чогуу ишке ашырууну демилгелейм. Бул максатта Түрк кеңешинин секретариатынын атайын жумушчу тобун түзүүнү сунуштайм”, — деп билдирди.

Ал эми Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев түрк кеңешинин лидер жаштарынын форумдарын, илимий конференцияларын, семинарларын жана түрк дүйнөсүнүн өзгөчө жерлерине экспедицияларды уюштурууну сунуштады.

-Мындай чаралар биздин жаштардын тыгыз байланышта болуп, биздин өлкөлөрдүн өзгөчөлүгү тууралуу билимин артырууга алып келет, — деди Нурсултан Назарбаев.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) VI саммитинин биргелешкен декларациясына, Түрк академиясынын президентин дайындоо чечимине, Венгрияга ТМККга байкоочу статусун берүү чечимине кол коюлду. Ошондой эле Саммиттин жыйынтыгы менен мамлекет башчылары тарабынан түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция концепциясынын долбоору, спорттун улуттук түрлөрү жана жаштар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү, Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Мамлекеттик ишмер, дипломат, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Багдад Амреевди Түрк кеңешинин Башкы катчысы кызматына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.