Эл аралык маани алган элдик оюндар

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


2-сентябрда Кыргызстанда III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну расмий ачылып, өз ишин баштады.

Өлкөбүздүн саясый-маданий турмушунда бул иш-чаранын тарыхый орду өзгөчө экендигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Биринчиден, дүй нөлүк деңгээлдеги мындай масштабдуу иш-чараны өткөрүү жалпы эле элибиз, мамлекетибиз үчүн чоң жоопкерчилик, кала берсе журт намысы болсо, экинчи жагынан кыргыздын доор карыткан байыркы маданиятын, каада-салтын, наркын ааламга таанытуунун эң мыкты мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Башкысы доор карыткан, кыргызды эл катары таанытып келген көрөңгөлүү көч мөн маданиятыбыздын бүгүнкү турмушубузга жуурулушуп, жаңы өң-түскө ээ болуп, аалам элдеринин маданиятына, спорт дүй нөсүнө дем берген, улуу күч катары чыгып жатышы чексиз сыймык экенин айта кетишибиз керек.

Күтүлгөндөй эле бул күнү Чолпон-Ата шаарындагы мурдагы көчмөндөр оюунунун шарапаты менен курулган, Орто Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты делген ат майданы өзгөчө шаңга бөлөнүп турду. Ат майдандын элибиздин жан дүйнөсүнө шайкеш, улуттук  иденттүүлүгүбүздү  чагылдырып турган имаратынын ичи он миңден ашуун көрүүчүлөрдү, алыстан ат арытып келген меймандарды кенен-жайкын батырып, улуттук тамак-аштардын түрлөрү жайнап, көтөрүңкү көңүл, жадыраган маанай байкалат. Айрыкча ар башкача кийинген чет элдик меймандардын көптүгү, бул жолку көчмөндөр оюу-нунун көркү болду окшойт.

Ал эми 7 бөлүктөн турган сахнада кыр-гыз элинин басып өткөн жолун, тарыхтын кыйын-кезеңинде майышпаган эркин чагылдырган театралдашкан, заманбап музыкалык, анимациялык жасалгалар менен коштолгон оюн-зоок программалар эч кимди кайдыгер калтырган жок. Өзгөчө 1000ден ашуун аткаруучулардын “Манас” эпосунан үзүндү айтышы, Көчмөндөр оюнунун тарыхындагы кезектеги Гиннес китебине кирүүчү окуя болуп калды.

Атайы даярдалган театралдык көрсөтүүлөр дөн кийин Президент Сооронбай Жээнбеков III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышын расмий жарыялап, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге, Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга оюндун салтанаттуу ачылышына катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Айта кетүүчү нерсе – Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну кийинкиде Түркияда өтөөрү белгилүү болду.

III  Бүткүл  дүйнөлүк  көчмөндөр  оюну 3-сентябрда Кырчын жайлоосунда уланып, Президент Сооронбай Жээнбеков башында турган расмий меймандардын катышуусунда “Хан ордонун” ачылышы болуп өттү.