Дарья Масловага жалпы 3 млн. сом сыйлык берилет

Индонезияда болуп өткөн 18-жайкы Азия оюндары өз ишин аяктады. Жыйынтык боюнча кыргыз курама командасы жалпы жонунан 20 медалга ээ болушту. Алар спорттун 26 түрү боюнча күч сынашып 2 алтын, 6 күмүш, 12 коло медаль утушту.

Азия  оюндарынын  чемпиону наамын жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу жана жөө күлүк Дарья Маслова алды.

Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 22-орунду ээледи. Ал эми 1-орунда 132 алтын, 92 күмүш, 65 коло медалы менен Кытай турса, 2-орунду 75 алтын, 56 күмүш, 74 коло медалы менен Япония ээледи. Үчилтикти Түштүк Корея жеңди. Аларда 49 алтын, 58 күмүш, 70 коло медаль бар.

Өкмөттүн  буйругуна  ылайык, Д.Маслова мамлекет тарабынан Азиядада жеңген алтын медалы үчүн 1 млн. 250 сом ошондой эле, күмүшү үчүн 750 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланмакчы. Андан сырткары, КР жеңил атлетика боюнча федерациясы Дарья Масловага 1 млн. сом бере турганын айтышты.