Жогорку Кеңештин бешинчи сессиясы өз ишин баштады

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады. Ошону менен катар 4-5-сентябрь күндөрү мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын маалымдады.

Белгилей кетсек, Парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.