Жаш акын Айгерим Токтоналиева: “Ырымдан бир нерсе жашырган жокмун”

 

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


 Республикалык “Жаңы толкун” адабий ийриминин мүчөсү, “Мекенге таазим” эл аралык фестивалынын дипломанты, көптү үмүтөндүргөн журналист жана жаш акын Айгерим Токтоналиева “Мен тапкан үмүт” деген алгачкы китебин чыгаруу алдында турат. Китептин бет ачылыш кечеси Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваторияда 27-май күнү өтмөкчү. Боло турган иш чаранын алдында акын менен маек курдук.

 — Биринчи китебиңди “Мен тапкан үмүт” деп атоого эмне себеп болду?

— Биринчи болгондуктан адабият чөйрөсүнө толук кандуу аралаша аламбы деген чочуркоо жана буюрса, кыргыз адабиятына салым кошо алам деген үмүт да болууда. Ошондуктан, “Мен тапкан үмүт” деп атадым.

Актан РЫСКЕЛДИЕВ, шоумен: “Бою кыска, сары, позитивдүү жигитмин”

— Китепте кандай тематикадагы ырлар басымдуу?

— Көбүнчө турмуштук ырлар, сүйүү жана ошондой эле мекенге болгон сүйүү, атуулдук ырлар кирет. Негизи менин поэзия дүйнөсүнө болгон сапарым, 6-классымда башталган. Бир тууган байкемдин Айдай, Айдар деген эгиз уул-кызы төрөлгөн. Ошолорго арнап эргүү менен алты саптан турган ыр алгачкы жолу жазгам. Ошол күндөн баштап, ушул күнгө чейин адабият чөйрөсүндө жашап келем.

— Эргүү деп калдык, эргүү кандай учурда келет?

— Ар кандай болот. Мисалы кээде кысталышта, ушунчалык ичиңе бук толуп жатканда, же тескерисинче, досторуң менен көңүлдүү, кубанып жүргөндө келиши мүмкүн. Ошол эле учурда жалгыз отурганда келип калуусу мүмүкүн, мисалы мага көбүнчө жалгыз калган кезде, тынчтык өкүм сүргөн жерде эргүү келип калат.

— Ырды жасап жазасыңбы, же жашап жазасыңбы?

— Мунун китепти алгандан кийин билсеңиздер болот. Мен көбүнчө батирде жашагандыктан батир тууралуу ыр, сүйүү ырлары бар. Өзүм ачык-айрым болгондуктан ырларымдан бир нерсе жашырган жокмун десем болот. Мени тааныбагандарга мен өзүмдү толук ачып бере алам деп айта алам.

-Устаттарың кимдер?

-Мурда Умар Нусубалиев деген акынга ырларымды көрсөтүп, ырдын мууну, техникасы, ыргагы кандай болот дегендей. Ал эми чоң устатым – адабиятчы жана сынчы Улан Турдалиев.

Анан дагы кыргыз адабиятынан Жолон Мамытовду айта алам. Анын “Отту сүйөм” деген үч томдук китеби мага белек катарында ушул адабий чөйрөдөгү агайларыбыздын биринен келген. Ошол китептен чоң таасир, тарбия алдым десем болот. Ал эми чет элдик адабияттан Пушкиндин ырларынан таасирленбеген акын жок болсо керек. Ошондой эле Есениндин, анан Анна Ахматованын ырлары. Булар чынында чоң тарбия жана улуу жол.

— Сени журналист катары да тааныйбыз, ошол тармактан кеп салсаң?

— Өзүм Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык Университетинде Славян таануу факультетинде окугам. Ошол жакта окуп жатканда 2-курста университеттик “Студент.кж” гезитинде кабарчы жана жооптуу редактор катары эмгектенгем. Алгач гезитте текст жазууну үйрөнсөм, андан кийин дикция, интонацияны туура коюу үчүн радио тармагында  2 жылдан ашуун эмгектенгем. Учурда “NTV” жаңы ачылган телеканалда алып баруучулук жана кабарчылык кесипте эмгектенип келем.

Данияр МОЛДОКАДЫРОВ: “Тырышып окуган жаштар гана ийгиликтерди багындыра алат”

— Ошондо журналистика жакынбы, же поэзиябы?

— Бул мен үчүн атаң жакшыбы, же апаң жакшыбы дегендей эле кеп. Себеп дегенде журналистикасыз жашоомду элестете албайм. Ошол эле учурда поэзия менин жашоомдун бир бөлүгү. Демек экөө мен үчүн бирдей деңгээлде турат десем болот. Эгерде, жан дүйнөнүн талабына басым жасай турган болсок, анда, албетте, поэзия. Анткени, поэзия чыныгы жан дүйнөңдүн талабына жараша болот. Маселен, журналистикада жетекчилик бир тапшырманы берген болсо, аны аткарып коюшуң толук мүмүкүн. Ал эми поэзияда бирөө мындай кылып жаз десе, аны оңой мене жаза албайсың. Себеби жан дүйнөңдүн талабы таптакыр башка болот.

— Эгер мүмкүндүк болсо, окурмандардан эмнелерди күтөт элең?

— Интернет заманы болуп жатканына байланыштуу акыркы учурда китепке көңүл бөлбөгөндөр көбөйүп жатпайбы. Ошондуктан китепке, кыргыз поэзиясына, анын ичинен кыздар поэзиясына көбүрөөк көңүл бөлүнүшүн күтөт элем.

-Китепке кирген ырларыңдан бирөөнү окурмандарга сунуштап кетсең?

 Жанымдан узаба

Көк бет, шайыр өзгөрүлмө мүнөзүм,
Көнгөн адат күлүп, көзгө жаш алуу.
Өзүмдү өзүм түшүнбөгөн дүйнөмдү,
Өгөйсүнтүп жүрөсүң ээ капалуу.

Калыптанган сенде билем бир мүнөз,
Токтоо, ойлуу топук кылган баарына.
Талап кылып менден шондой сапатты,
Тагдырлашым күтпө дагы таарынба.

Жайыма кой, жасалмасыз жанымды,
Жашып анан сен жөнүндө ыр жазам.
Кетсем эгер кош дебестен мелтиреп,
Кайтып келем жалгыздыкка сыйбастан.

Ченеми жок чектөө толгон ааламда,
Жан дүйнөмдүн эркин эпсиз тушаба.
Жашайм мендик баш аламан ой менен,
А жакшысы сен жанымдан узаба…

 

One thought on “Жаш акын Айгерим Токтоналиева: “Ырымдан бир нерсе жашырган жокмун”

Комментарии закрыты.