«Макмал» алтын кениндеги кырсык же Президентке кайрылам деген Айзада Досматованын көз жашы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Редакциябызга  кичинекей баласын жетелей келген келиндин аты-жөнү Айзада Досматова экен. “Сиздер аркылуу Президентке кайрылсам” деп сөзүн баштаган ал, болоктоп ыйлап жиберип, көпкө чейин өзүн кармана албады. Адатта бизге кайрылган  көпчүлүк  карапайым адамдардай эле чындык издеп келиптир. Токсон тоонун ар жагындагы алыскы Тогуз-Тородон, этегине эрмешкен баласын жетелеп, Бишкекке калыстык издеп келген Айзада Досматованын апкелген кагаздарын, арман сөздөрүн угуп отуруп, кыргыз өнөр жай тармагынын флагмандарынын бири “Макмал” алтын комбинатында эмгек мыйзамын эшикке чыгарып салышканбы деген ойго кетесиң.

Айзада Досматованын арманы

“2016-жылдын 30-августунда менин жубайым, “Макмал” алтын комбинатынын жумушчусу Турусбек Кадыркулов күндүзгү сменде иштеп келгенине карабастан, тоо мастери Курманбек уулу Тынчтыктын буйругу менен кайрадан түнкү жумушка чыгарылып, иш учурунда таш кулап бутун басып калат. Жанындагы сменге чогуу чыккан Базарбай аке жалгыздык кылып таштын алдынан чыгара албайт. Акыры бир жактан жыгач калтек таап келип, ошонун жардамы менен таштын алдынан араңдан-зорго чыгарып, сыртка алып чыгат. 31-август күнү жубайымды бир бала жонуна көтөрүп үйгө алып келди. Буту таңылуу. Ал күнү оорудан кыйналып, түнү бою кыйкырып, буту дулайдай шишип чыккандыктан 80 жаштагы кайнатама кабар берип, ооруканага алып бардык. Барганыбыз менен мурунку күнү тартылган рентген сүрөтүн көргөзгүлө дегенинен 1 айлык баламды көтөрүп, оорукананы түрө кыдырып, өйдө ылдый түшүп жүрүп акыры рентген сүрөтү кадрлар бөлүмүнүн сейфинен табылды. Изделген рентген сүрөтү табылгандан кийин, бизди кабыл алган врач “сен Эсенкан акенин уулу турбайсыңбы, мага “жаракатын жеңилдетип жазып коесузбу, бизден бир бала баратат” деп “Макмал” алтындан чалышты эле деп мурунку жазганын айрып салды”, – дейт А.Досматова.

“Ошондон бери “Макмал” алтындын техникалык коопсуздук кызматкери Марат деген жигит Н-1 АКТсын бербей, “Кыргызалтынга” баргыла ошолор чечет деп, тиешелүү жыйынтыгын бербей аябай убара кылды. Сынган буту менен күйөөмдү сүйрөп, эмчектеги бала, карыган атам менен Бишкекке келсек “Кыргызалтын” Н-1 АКТсы жок биз эч нерсе кыла албайбыз, тигил документти алып келгиле, бул документти алып келгиле деп сүйрөй берди. 2 айлап күтүп, квартирада жашаган күндөр болду. Жол алыс кыйналдык. Көп чыгым болдук. Күйөөмдүн эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча алган 152901 сом акча каражаты 2 жылдын ичинде жолго-белге, дарыланууга, Бишкекте квартира акысына эле кетти. Бизге күйөөмдүн ден соолугуна келтирилген зыяндын чыгымын төлөп беришсе жакшы болот эле. 4 балам, карыган ата-энелерибиз бар. Бизди кыймылдаткан, баккан жалгыз күйөөм болчу”, – деп ыйлады А.Досматова.

Бул  Президентке  кайрылам  деген А.Досматованын сөзү. Албетте, ар ким өз чындыгын айтат. Ошол эле учурда тиешелүү органдар  тарабынан  кылдат  текшерүүнү талап кылган көп маселе бар, жердин түбү Тогуз-Торого жете албагандан кийин тактай албадык. Ошондой эле А.Досматованын “Кыргызалтындын” жетекчилигине тиешелүү дооматы да бар болгондуктан ал фактыларды жарыялабай туруп, Баш прокуратурага өткөрүп беребиз.

Мыйзам бузулганы аныкталган

Белгилүү болгондой мындай өндүрүш кырсыгы болгон учурда дароо текшерилип, тиешелүү укуктук ченемдик актыларга ылайык Н-1 үлгүсүндөгү АКТ түзүлөт. А.Досматованын мага берген документтери боюнча окуя 2016-жылдын 30-августунда болуп атса, “Макмал” алтын комбинатынын жетекчилиги бул өндүрүш кырсыгы жөнүндө алты айдан кийин, тагыраагы 2017-жылдын  6-февралында  гана  Н-1  үлгүсүндөгү АКТны түзүшкөн. Бул мыйзам бузууга жатабы, жатат!

Бул  маселе  боюнча  кырсыктаган Т.Кадыркуловдун  өзү  мурдараак  Президент Сооронбай Жээнбековго арыздануусунан  кийин  ишти  иликтеген  Өкмөттүн алдындагы  экология  жана  техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик  инспекциясы муну менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген “Өндүрүштөгү  кырсык  окуяларын  эсепке алуу жана иликтөө жөнүндө” жобосунун 2-пункту бузулган деген аныктамасын беришкен.

“…Врачтын жыйынтыгы боюнча бул кырсык оор травмаларга кирет. Демек, аталган жобонун 23-пунктуна ылайык бул кырсык комиссиянын тутуму менен иликтениши керек эле. Бирок түшүнүксүз себептерден улам жобонун талаптары бузулуп отурат”, – деп айтылат Мамлекеттик экотехинпекциянын Т.Кадыркуловго жана Президенттин Аппаратына жөнөткөн (16.02.2018. №17-812/01-К-68) маалыматында.

Алты айдан кийин түзүлгөн АКТыда эмнелер айтылган?

Бирок 6 айдан кийин түзүлгөн Н-1 үлгүсүндөгү АКТыда көп нерселер такталган  эмес.  Мисалы,  мендеги  документтерде Т.Кадыркуловдун 4 саат эс алгандан кийин, өзүнүн макулдугу боюнча жумушка чыгарылганы айтылат. Ал эми Т.Кадыркулов өз кезметинен кийин тамактанып жаткан учурунда тоо мастери Курманбек уулу Тынчтыктын буйругу менен кайрадан түнкү сменге чыкканын, өзүнүн мастери болгондон кийин угууга аргасыз болгонун жазып жатат.

Ошондой эле АКТыда Т.Кадыркуловго биринчи жардам көрсөтүшүп, медпунктка алпарабыз дешсе, өзү баруудан баш тарткан деп жазылган. Т.Кадыркулов баруудан баш тартпаптыр. Ырас, алгачкы жардам көрсөтүшүп, бирок түн ичинде кайда барасың, чыдай тур деп жаткырып коюшат. Эртеси начальниктин шоферунун машинасы менен ооруканага жеткирилет. Т.Кадыркуловдун жубайы А.Досматова болсо барганча эле комбинаттын техникалык коопсуздук  кызматы  “бизден  бирөө  бара жатат, жаракатын жеңил” деп жазып коюну өтүнүп телефон чалышканын врачтын өзү айтып бергенин белгилеп жатпайбы. Ошону менен “мындай жаракат менен жаткыра албайбыз, жарака эле кетсе керек, үйдө бутту асып коюп, кетонал ичип жата бериңиз” деп ооруканага кабыл албай коюшкан.

Т.Кадыркуловго райондук ооруканада жасалган мындай мамиле, ошондой эле АКТынын 6 айдан кийин түзүлүшү бир гана максатты, эптеп убакытты созуп, Т.Кадыркуловдун буту айыгып кетсе, андан кийин көрө жатарбыз дегенди көздөгөндөй.

АКТыда  Улуттук  госпиталдын  нур диагностикалык  бөлүмүнүн  врачы С.К.Ермалаеванын берген бул корутундусу боюнча (23.12.2016) мындай деп тастыкталат: “На представленных рентген снимках голено-стопного сустава (стороны не обозначены) травматических повреждений не выявлено (снимки от 02.09.2016г и 23.12.2016г).

Бул эми буту сынган эмес деген эле сөз. Бирок, АКТнын диагноз деген жеринде “Закрытый перелом наружной ладожки без стяжение отломков. Закрытый перелом головки проксимального конца V (пятый) плюсневой фаланги левой стопы”, -деп, же болбосо “сынган” деп эле кашкайта жазылып турат. Ошону менен кыргызча айтканда сынган же сынган эмес деген эки корутунду менен эптешиптир.

Мамэкотехинспекциянын “тишке жумшак” жыйынтыгы

Сөздүн ток этер жери өндүрүштө кырсыкка  учураган  Т.Кадыркуловго “Макмал”  алтын  комбинаты  өздөрүнүн жумушчусу  катары  эмгек  мыйзамына ылайык мамиле жасашкан эмес. Болгону Т.Кадыркуловго эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча эки жыл аралыгында 152901 сом 24 тыйын төлөп беришиптир.

Ал эми Өкмөттүн алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы: “Жобонун 18-бөлүмүндө каралгандай, эмгектеги милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алган же кесиптик ооруга чалдыккан жумушчунун алдындагы жумуш берүүчүнүн жоопкерчилиги келтирилген зыянды толук толтуруудан баш тартууга жол бербейт” деген жыйынтыгын чыгарган.

Демек,  “Макмал”  алтын  комбинаты Т.Кадыркуловдун ден соолугуна келтирилген зыянды толук төлөп берүүгө милдеттүү. Ошону менен Мамэкотехинспекциянын “баш тартууга жол берилбейт” деген “тишке жумшак” жыйынтыгын “Макмал” алтын комбинатынын жетекчилиги азырынча угайын деген түрү жоктой. Бул жерде Мамэкотехинспекция ооз учунан эскертимиш болбой, мыйзамдын аткарылыш мөөнөтүн талап кылышы керек эле да!

Айтор, шайтандын өзү да бутун сындырып алчудай болгон бул маселеге Баш прокуратура баа берет деген ишенимдебиз. Негизи эле иш учурунда өндүрүш кырсыгынан буту сынып, анын айынан тиешелүү компенсациясын алалбай кыйналган Т.Кадыркуловдун ишин Баш прокуратура тыкыр иликтеп чыкпаса, мыйзамды уруп койбой, “өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген” жагдайлар өтө эле арбын көрүнөт.