ДКО-2018: Казакстандын көк-бөрү боюнча курама командасы 5-сентябрда оюнга чыгат

Ысык-Көл облуснда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк-бөрү боюнча курам командасы ойношот. Бул тууралуу Көк-бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

3-сентябрда биринчи турдук оюнда казакстандык команда Красноярск аймагынын курама командасы менен ойношу керек болчу, бирок алар оюн талаасына чыкпай коюшкан. Натыйжада оюн жылдырылып, Казакстан курама командасы ДКО-2018де оюнга чыга турганы белгилүү болду.

 

«Казакстандан келген команда Кыргызстанга келгенден кийин өздөрүнө аттарды тандап, оюнга даярданып жатышкан. Бирок оюн боло турган күнү маселе пайда болду. Алар оюн тайказандын ордуна жерде тегерек болуп, кокпардын эрежеси менен өтүшүн каалашкан. Учурда бул маселелер чечилди», — деп билдирди Саматов.

Маалыматка ылайык, көк-бөрү боюнча Казакстандын курам командасы 5-сентябрь күнү АКШ менен андан кийин жылдырылган оюн Красноярск аймагынын курама командасы менен беттешке чыгат. Бир күндө эки оюн өткөрүүгө казакстандык команда макулдугун берген.

 

«Ал эми Казакстандын кокпар федерациясынын президентти Ерлан Оспановдун, кыргыз тарап алардын курама командасында кыргыздар ойносун деп талап койду деген маалыматы чындыкка дал келбейт», — деп кошумчалады Саматов.