“Биз эксперт” аналитикалык борборунун жетекчиси Улук КЫДЫРБАЕВ: «Бизнес – акыйкатчы бизнестин өнүгүүсүнө салым кошот»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Өкмөт жергиликтүү ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо максатында Бизнес-акыйкатчы аталыштагы институционалдык жаңы органды түзүүнү көздөп жатат. Кыргызстанда мурда кездешпеген мындай орган экономикага кандай пайда алып келип, эмне натыйжаларды бериши мүмкүн? Ушул туурасында “Биз эксперт” аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев менен кабарчыбыз маек курган.

– Улук Асанкарыевич, Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы органын түзүү кандай зарылдыктан келип чыкты деп ойлойсуз?

–  Алгачкы  жолу  биз  –  ишкерлер 2011-жылы Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы органын түзүүнү ошол учурдагы Өкмөткө сунуштаганбыз. Мурдагы Президент сунушубузга расмий макулдугун берген. Бирок, биз ушул органдын милдеттери  менен  укуктары  тууралуу маселени азыркы кезге чейин талкуулап бүтпөй жүргөнбүз. Бизнес-акыйкатчы органын түзүү эл аралык тажрыйбадан келип чыккан. Коррупциянын чеңгелинен чыга албай жаткан мамлекеттер Бизнес-акыйкатчыны түзүүгө кызыкдар. Айталы, инвестордун райондук деңгээлдеги бийлик менен карама-каршылыктары пайда болуп калса, ал облустук бийликке, облустук бийлик менен каршылашса республикалык деңгээлге чейин арызданып кайрылууга укуктуу. Мыйзам боюнча ушундай болушу керек. Бирок, чындык ишкер тарабында болсо да көп учурда бюрократиялык системаны коргоо үчүн ишкерге баары каршы туруп алышкан учурлар бар. Бизнес-акыйкатчы органы ишкерге юридикалык жардам көрсөтөт, көзөмөл  мекемелери  менен  ишкердин ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткарат.

Эми  Кыргызстандын  жагдайында Бизнес-акыйкатчы кандай система менен иштеген орган болушу керек? Анын чындыкты туу тутуп иштөөсүн ким көзөмөлгө алышы абзел? Ушул сыяктуу суроолорго жооп табуу үчүн былтыр атайын жумушчу топ түзүлгөн. Мындай орган кошуна Казакстан, Россия, Грузия жана Украина сыяктуу мамлекеттерде бар. Биз ушулардын  тажрыйбасын  иликтеп  көрүп, анын ичинен Украинанын модели Кыргызстанга  ылайыктуу  экенин  көрдүк. Ушул максатта Украинага барып келдик. Ал жакта Бизнес-акыйкатчынын коом-чулук алдындагы жоопкерчилиги абдан чоң болгондуктан, ар квартал сайын от-чет берип турат экен. Ошонун негизинде алардын Бизнес-акыйкатчысы эки жылда 450 млн. доллар мамлекетке пайда келтириптир.

Бизнес-акыйкатчынын башкы милдети  –  жеке  ишкер  менен  мамлекеттик органдын ортосунда талаш-тартыш чыгып калса, маселени калыс аныктап берүү. Мисалы, ишкерге салык кызматынан келип, 5 млн. сом айып пул салып койду дейли. Ишкер ага макул эместигин билдирип, чечимди жокко чыгаргыла же кайра текшерип бергиле деп, салык кызматынын жогорку органына кайры-лат. Алар болсо төмөнкүсүнүн чечимин күчүндө калтырат. Мындай талаштуу учурда Бизнес-акыйкатчысы жок өлкөдө ишкердин сотко кайрылуучу гана жолу бар. Ал эми Бизнес-акыйкатчы институту иштеп жаткан өлкөдө ишкер ага түз кайрыла алат.

Бизнес-акыйкатчынын ишин профессионал адам жетектеши керек. Ага мурда мамлекеттик органдарда жана бизнес чөйрөсүндө мол тажрыйба топтогон адам тандалышы шарт. Бизнес-акыйкатчы органынын курамында аудиторлор, бухгалтерлер, юристтер ж.б. кадрлар иш алып барышат. Алар ишкердин арызын 10 күндүн ичинде карап чыгуулары тийиш. Бизнес-акыйкатчы институту кара кылды как жарган калыс болушу үчүн бир беткей эле ишкердин талабын талаша бербей, мыйзамдык негизде мамлекеттин да талабын талашкан учур болушу ыктымал.

– Ал коомдук институт болуп түзүлөбү же мамлекеттик болобу?

– Анда мамлекеттик жана коомдук ор-гандардын белгилери болот. Анын бардык маселени ортого салып талкууга алган байкоочу кеңеши болот. Ал үч блоктон куралат. Ар бир блок өзүнчө добушка ээ. Аны менен Бизнес-акыйкатчы органынын жетекчисин бекитишет жана аны кызматтан четтетишет. Биринчи блокко Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү кирет. Экинчи блокко эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар мүчө болот. Үчүнчү блок-ишкерлердин бирикмеси. Көрүнүп тургандай, ага жетекчи шайлаш үчүн түрдүү көз караштагы ушунча адамдын макулдугун алуу керек. Мындай системада калыс иштөөгө мүмкүнчүлүк өтө жогору. Бул жерде үч блоктун бири-бирине карата ич ара көзөмөл функциясы да абдан күчтүү болуп түзүлөт. Ушул механизм  Бизнес-акыйкатчынын  калыстыгын камсыз кылууга абдан чоң негиз берет.

– Эч кимге көз каранды болбоо үчүн айлык акыны кайсы жактан алышы керек?

– Туура суроо. Ушул маселе да каралып жатат. Бизнес-акыйкатчыга маянаны бай мамлекеттер өз бюджетинен беришет. Украинада болсо Бизнес-акыйкатчы эл аралык уюмдардын каражатына каржыланат жана мамлекет да акча бөлөт. Бирок, түзмө-түз бюджеттен бөлбөйт. Украина өкмөтү эл аралык уюмга акча которот. Андан ары ал акчаны Эсептөө палатасы текшере албайт, анткени Эсептөө палатасы аркылуу Өкмөт структурасы Бизнес-акыйкатчыны өзүнө көз каранды кылып албашы керек. Ошол эле учурда Бизнес-акыйкатчы ар квартал же алты ай сайын эмне жумуш аткаргандыгы жана ага кеткен каражат кан-дай сарпталганыдыгы тууралуу отчет берип турат.

– Кыргызстанда качан түзүлгөнү жатат?

– Быйылкы күздө Өкмөттүн токтому менен түзсөк болот. Учурда Экономика министрлигинде бул боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Бирок, Өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлсө бул органдын максаттагыдай күчү болбой калышы мүмкүн экендигин айрым адистер айтып жаты-шат. Себеби, токтом менен түзүлөбү же Бизнес-акыйкатчы тууралуу мыйзамдын негизинде түзүлөбү, экөөнүн ортосунда айырмачылык бар эмеспи. А мен өзүм адегенде токтомдун негизинде түзө берсек деген пикирди кармануучулар тараптамын. Анткени, Бизнес-акыйкатчы институтционалдык орган катары калыптанып, иш тажрыйбасын топтой бериши зарыл болуп жатат. Албетте, аны максаттагыдай иштетүү үчүн жогорку бийлик органдарынын саясий эрки болушу керек. Ал эми мүмкүн болушунча ал мыйзамды тезинен кабыл алышыбыз шарт. Ошондо Бизнес-акыйкатчынын иши бирдиктүү нукка  салынып  калат.  Өкмөттүн  токтому  –  анын  биринчи  кадамы  болот. Бизнес-акыйкатчы бизнес чөйрөсү менен иштөөдө тажрыйбасы мол адам болушу керек. Андан тышкары, мамлекеттик тилди жакшы билүүсү талап кылынат. Анткени, ишкерлердин басымдуу бөлүгү аймактарда болгондуктан арыз кыргыз тилинде түшөт.

– Өкмөт “Биримдик, ише-ним  жана  жаратмандык” программасындагы иш-чараларды турмушка ашыруу үчүн бизнестин өнүгүшүнө бардык шарттарды  тезинен  түзүү керек экендигин айтууда. Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү ошол аракеттердин бири  катары  каралып  жатса керек?

– Ооба, биздин оюбуз да ошондой. Андан тышкары, Президент С.Жээнбеков үстүбүздөгү  жылдын  февраль  айында өткөн Коопсуздук кеңешиндеги сүйлөгөн сөзүндө Бизнес-акыйкатчыны түзүү тууралуу айткан болчу. Өкмөт болсо өзүнүн 2018-2023-жылга чейинки инвестициялык 244 долбоорун аныктаган. Бул долбоорлорду толук каржылоо үчүн 20 млрд. 800 млн. доллар керек болуп жатат. Өкмөт өз программасында ишке ашыруучу долбоорлордун каржылоо булактары менен кошо жылдарга бөлүп так жазып алды. Көбү энергетика, жол, таза суу, тоо кен, кайра иштетүү тармактары болуп жатат. Мисалы, быйыл эле Жалал-Абад облусунда эки алтын кен казуучу фабриканын курулушу башталышы керек. Саясий эрк жетиштүү болсо мындан да көп долбоорлорду ишке ашырууга болот. Азыркы күндө Өкмөт мерчемдеген долбоорлордон тышкары, жеке ишкерлердин өздөрү пландаштырган долбоорлору дагы толтура. Менин пикиримче, булардын баа-рын эске алсак, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган жагдайлар көп. Тышкы саясатты натыйжалуу алып баруу аркылуу ири долбоорлорду эл аралык донор менен ишке ашырууга боло турганын турмуш далилдеп жатат.