“Ак кемеден” эстелик, кепеси турат эскерип

1969-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматов көрүстөндөргө коюлуп жүргөн балбал таш алуу үчүн Түптүн Санташ айылына келген учурда, кокусунан Чоң-Бет жайлоосундагы жыгачтан салынган жалгыз кепе тамда Элдос аттуу небереси менен өмүр өткөрүп келаткан Момун чалга жолугуп калып, аны менен кенен беш саатча аңгемелешип, анын оозунан өзүнүн татаал тагдыры, Бугу-Эне таржымалы менен таанышкан соң, атайын көздөп келген балбал ташын да албастан кайтып кеткен экен.

Бул жөнүндө жакында алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата, эми тарыхый жерге айланган Чоң-Беттеги “Ак-Кайың” жаратылыш паркында өткөн китепканачылардын облустук семинарында кеңири айтылды. Михайловка айылдык китепканасынын башчысы Анара Сарыбаева: “Аалам алпы Айтматов”, “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы” деген аталыштардын алдында маалыматтарды берди. “Ак-Кеме” повестиндеги Момун чал жашап өткөн жыгач кепе тамдын азыркы аянычтуу кебетесине (сүрөттө) көңүл бурушкан семинардын ка-тышуучуларына райондук гезиттин редактору Мурат Жумакадыров Момун чал менен небереси – чыгармадагы баланын прототиби Элдостун атасынан ажырагандан кийинки жалгыздык тагдыры, деги эле башка бир катар каармандары боюнча баяндады. Мында Момун чалдын кепесин тосмолоп коруп, аны музей экспонатына айландыруу боюнча да сунуш айтылды.

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”