“Коопсуз шаар” боюнча тендердин жеңүүчүсү белгилүү болду

“Коопсуз шаардын” онлайн аукционунун жеңүүчүсү болуп «Вега” концерн ишканасы болду. Бүгүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин чоң залында “Коопсуз шаар” боюнча онлайн аукцион башталган.

Аталаган ишкана биринчи айлампа боюнча 1 миллиард 125 миллион сом, экинчи айлампа боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунуштады. Ошондой эле аукционго “Альфа Телеком” жана “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ЖАКтары катышкан.

Эми сынактык комиссиянын чечими аудитордук компанияга берилет. Андан кийин жеңүүчүлөр менен келишимдер түзүлөт.