Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасы дүйнө кубогуна катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, биринчилик Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 11-20-апрель күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Асхат Токмоков;
- Арууке Талантбекова;
- Каныкей кубанычбекова;
- Имандос Бектенов.
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Мэри Юсупова жана башкы машыктыруучу Забида Ырсалиеванын жетекчилиги алдында мелдешке катышат.