ДКО-2018: Аркан тартыш боюнча беттештер жыйынтыкталды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш өттү.

ДКОнун катчылыгынын маалыматына ылайык, мелдешке Иран, Казакстан жана Кыргызстандын курама командалары катышканты.

Финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы  2:0 эсебинде ирандыктарды жеңип, аркан тартыш боюнча чемпион аталышты.

Ал эми жеке беттештерде биринчи орунду ирандык Реза Хейташи, экинчи орунду казак спортчусу Хайранхан Шанку жана үчүнчү орунду мекендешибиз Аваз Докоев алды.

Аркан тартыш боюнча жалпы байге фонду 340 миң сомду түзүп, ал төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлдү:

Командалык эсеп: Биринчи орун 100 миң сом, экинчи орун 80 миң сом жана үчүнчү орун 60 миң сом.

Жеке эсеп: Биринчи орун 50 миң сом, экинчи орун 30 миң сом жана үчүнчү орун 20 миң сом.