ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты

Кыргызстандын улуттук курама командасы 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдар боюнча биринчи орунга чыкты.

Өлкө куржунунда жалпы 43 медаль болсо, анын 15и алтын. Экинчи орунга Россия командасы 24 медалы (11 алтын, 5 күмүш, 8 коло) менен чыкты. Ал эми үчүнчү орундагы Казакстантын капчыгында 32 медаль (9 алтын) бар.

Ошондой эле Түркмөнстан (18 медаль), Иран (8 медаль), Украина (8 медаль), Өзбекстан (19), Венгрия (6), Монголия (4) жана Болгария (2) командалары жайгашкан.