Атайын эсепке 7 миллиондон ашуун каражат которулду

Бирдиктүү депозиттик эсепке  7 миллион 789 миң сом которулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (ЭКККМК) маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бул сумма экономикалык кылмыштарды иликтөөнүн натыйжасында өндүрүлүп алынган акчанын топтолгон суммасы. Бүгүнкү күнгө карата Депозиттик эсепте топтолгон каражат 158 миллион 575 миңге жетти.

 

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.