Кырчындагы боз үйүлөрдүн биринде илинген ак илбирстин териси боюнча териштирүү башталды

Кырчын жайлоосунда Чүй облусунун боз үйүндө илинген ак илбирстин териси кайдан алынганы териштирилет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдиргендигин «Марал» жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматы боюнча, бул мыйзамсыз. Ал жаныбарлар качан, кайсы жерде кармалганын аныктоо үчүн Мамлекеттик экотехинспекцияга маалымат берилди.

Эске салсак, Ак илбирс Кызыл китепке кирген жаныбарлар түрүнүн бири. Ал өзгөчө коргоого алынган. Ошондой эле ал быйылкы Көчмөндөр оюндарынын талисманы катары да тандалган.

Өкмөттүн 2017-жылдагы токтому боюнча ак илбирсти аткандарга 1,5 млн сом айып салынат.