Гимнди туура эмес ырдаган депутат кечирим сурады

Гимнди туура эмес ырдаган Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

«Гимн – кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткаруу милдетин алам», деген кайрылуусунда Тулендыбаев.

Муну менен бирге эле депутаттын гимнди аткарып жаткан видеосу жарыяланды.

Толуктай кетсек, 4-сентябрда депутат Пархат Тулендыбаев «Апрель» телеканалынын журналисттерине гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдап берген. Социалдык тармактарда депутаттын жаңылыш ырдаганы ачуу сынга кабылган болчу.