Базар-Коргондо дарыяга агып бара жаткан УАЗ унаасын атчандар сактап калды

Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн Жазы-Кечүү айылындагы дарыядан өтүп бара жаткан УАЗ унаасын суу агызып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Окуя Көл-Кайын жайлоосунда болгон. Унаанын айдоочусу Чынгыз Баймуртов жашоочулардын буюмдарын жүктөп бара жаткан. Кара-Үңкүр дарыясына кошулган Жазы-Кечүү суусунан өтүп бара жатканда, унаанын кыймылдаткычы иштебей, аны суу агызып кеткен.
Алар айылдан бир топ алыс болгондуктан жайлоодогу адамдарды жардамга чакырып, алар унааны аттардын жардамы менен чыгарып беришкен.