Адам өлүмүнө шектелген “Айчүрөк” соода борборунун сатуучусу СИЗО-1 киргизилди

“Айчүрөк” соода борборунда сатып алуучуну бир нече жолу өлтүрө сабаган сатуучу эки айга СИЗО-1 киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынган. Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголгон. Териштирүү амалдары жүрүүдө, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эске сала кетсек, буга чейин “Айчүрөк” соода борборунда эсин жоготкон сатып алуучу каза болгон. Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын денесинен тактар бар экени аныкталган. Буга байланыштуу видео изилденип, кылмыш иши козголгон.