ЖЭБдеги кабелдерди жаңылоо үчүн 81,9 миллион сомго тендер жарыяланды

«Электр станциялары» ишканасы Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери үчүн 81 миллион 849,6 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, тендер мөөнөтү 40 жылдан ашып кеткен кабелдик линияларды жаңылоо үчүн жарыяланган.
Азырынча тендердин жыйынтыгы качан белгилүү болору жана оңдоп-түзөө иштери качан башталып, качан аяктаары белгисиз.

«План боюнча жаңылоо иштери ушул жылдын планында каралган. Бирок учурда Бишкек ЖЭБинин айрым бөлүктөрү чубалгысыз калды деген түшүнүк жаралбоо керек, бизде кошумча да варианттар каралган», — деди Айдаралиева.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын январь айында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Мындан улам Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя максатсыз пайдаланган деген факты боюнча кылмыш иштери козголгон.