Кырчында чет элдик коноктун буюму уурдалып, иш козголду

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда Британиянын Астанадагы элчилигинин аскер атташеси Эндрю Холтандын фото жана видео камералары жоголду. Бул тууралуу  Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, Британия жараны өз арызында Кырчынга тигип койгон боз үйдөн рюкзагынын ичинен видеокамера, фотоаппарат жана башка баалуу буюмдар уурдалганын жазган.

Териштирүүдө британ жаранына эки күн мурун Кырчындын жанындагы этно шаарчадан 100 метрдей алыстыкта, кайтарылбаган аймакка боз үй тиккени белгилүү болду. Милиция кызматкерлери британ жаранына  боз үйдү этно шаарчага же милиция кайтарган аймактын ичине тигүүнү сунуштап кайрылышкан. Бирок чет элдик жаран ал сунушту уккан эмес. Окуя боюнча арыз 5-сентябрь күнү келип түшкөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси («Уурдоо») фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү иликтөө жүргүзүп жатканы кабарланды.