ДКО-2018: Медалдык эсепте Кыргызстан алдыга чыкты

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында  Кыргызстан 43 медаль топтоп, медалдын саны боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында маалымдалат.

Кыргызстандын спортчулары 15 алтын, 15 күмүш жана 13 коло медаль утушкан. Экинчи орундагы Россиянын өкүлдөрү  24 медаль бар (11-5-8) уттушкан. Ал эми Казакстан 32 медаль (9-9-14) менен 3-орунда жайгашты.

Түркия-18 медаль менен төртүнчү жана Иран-8 медаль менен бешинчи катарда келе жатат.