Азияда-2018: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алышы мүмкүн

Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж «кызытма колдонгон» деген негизде алтын медалдан ажыратылды. Бул тууралуу Азия Олимпиада кеңешине шилтеме жасап, Азаттык билдирип чыкты.

Маалыматка ылайык, Азия Олимпиада кеңеши монголиялык спортчунун анализинде «станозолол» препараты табылганын кабарлаган. Эрежеге ылайык, эми алтын медал бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. Аталган оюндарда Айсулуу Тыныбекова күмүш медалды багындырган болчу