ДКО-2018: Кыргыз күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар чемпион аталышты

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын өкүлдөрү бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын медалды алышты. Байгелер жети салмакта ойнотулду.

Финалда Бекболсун Сатканкулов казакстандык Алишер Муханбетжановду, Амангелди Эсенбек уулу казак балбаны Меиржан Берекетовду, Равиль Самат уулу түркмөнстандык Медет Халлыгурбановду, Баястан Идирисов орусиялык Ислам Фалякуловду, Чыңгыз Чалабаев казакстандык Леонид Станеевди, Нурбек Кожобеков Арман Калиевди (Казакстан), Тилек Куралов тажикстандык Фархад Анакуловду жеңип, алтын медал тагынды.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

55 килограммга чейин:

1-орун — Бекболсун Сатканкулов — 1996-жылы туулган — Кыргызстан — байге фонду 70 миң сом;

2-орун — Алишер Муханбетжанов — 1993-жылы туулган — Казакстан — 35 миң сом;

2-орун — Риназ Гарипов — 1988-жылы туулган — Татарстан (Россия) — 17 миң 500 сом;

3-орун — Энхзая Сержбудее — 1999-жылы туулган — Монголия — 17 миң 500 сом.

60 килограммга чейин:

1-орун — Амангелди Эсенбек уулу — 1997-жылы туулган — Кыргызстан — 70 миң сом;

2-орун — Мержан Берекетов — 1996-жылы туулган — Казакстан — 35 миң сом;

3-орун — Миркомил Ахадкулов — 1996-жылы туулган — Өзбекстан — 17 миң 500 сом;

3-орун — Агажан Тачмухаммедов — 199-жылы туулган — Түркмөнстан — 17 миң сом.

66 килограммга чейин:

1-орун — Самат уулу Равиль — 1996-жылы туулган — Кыргызстан — 70 миң сом;

2-орун — Медет Халлыгурбанов — 1994-жылы туулган — Түркмөнстан — 35 миң сом;

3-орун — Илнар Закиров — 1998-жылы туулган — Татарстан (Россия) — 17 миң 500 сом;

3-орун — Гумар Кыргызбаев — 1992-жылы туулган — Казакстан — 17 миң 500 сом.

74 килограммга чейин:

1-орун — Баястан Идирисов — 1995-жылы туулган — Кыргызстан — 70 миң сом;

2-орун — Ислам Фаляков — 1998-жылы туулган — Россия — 35 миң сом;

3-орун — Арслан Шерхат — 1992-жылы туулган — Түркия — 17 миң 500 сом;

3-орун — Жангелди Медов — 1995-жылы туулган — Түркмөнстан — 17 миң 500 сом.

84 килограммга чейин:

1-орун — Чыңгыз Чалабаев — 1988-жылы туулган — Кыргызстан — 70 миң сом;

2-орун — Леонид Станеев — 1993-жылы туулган — Казакстан — 35 миң сом;

3-орун — Арслан Хожамбердиев — 1997-жылы туулган — Түркмөнстан — 17 миң 500 сом;

3-орун — Калимуллин Ренас — 1994-жылы туулган — Россия — 17 миң 500 сом;

96 килограммга чейин:

1-орун — Нурбек Кожобеков — 1988-жылы туулган — Кыргызстан — 70 миң сом;

2-орун — Арман Калиев — 1995-жылы туулган — Казакстан — 35 миң сом;

3-орун — Али Абрарбагерпоур — 1991-жылы туулган — Иран — 17 миң 500 сом;

3-орун — Кин Дамуни — 1996-жылы туулган — 17 миң 500 сом.

Абсолюттук салмак категориясы:

1-орун — Тилек Куралов — 1986-жылы туулган — Кыргызстан — 70 миң сом;

2-орун — Фархад Анакулов — 1988-жылы туулган — Тажикстан — 35 миң сом;

3-орун — Вепа Оразмурадов — 1989-жылы туулган — Түркмөнстан — 17 миң 500 сом;

3-орун — Азамжон Анваржонов — 1992-жылы туулган — Өзбекстан — 17 миң 500 сом.

Кыргыз күрөшү боюнча мелдештердин жалпы байге фонду 980 миң сомду түзөт.