ДКО-2018: Төкмө акындардын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

XII Эл аралык төкмө акындардын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул айтыш III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чаралардын катарында өтүп жаткан.

Ага Казакстандан 8 жана Кыргызстандан 8 акын катышып, жалпы байгеси 2 млн. сомдук кош байге коюлган болчу. 5-сентябрда финалдык таймашуулар болуп, баш байгени казак төкмө акыны Максат Аканов жана кыргыз төкмөсү Асылбек Маратов жеңип алды.

Ал эми 1-орун менен бирге 150 миң сомду казакстандык Айбек Калиев менен кыргыздардан Баян Акматов багындырды. 2-орунду  Аспанбек Маратов (Казакстан) менен Кубат Тукешов ээлеп, 100 миң сом байгени алышты. 80 миң сом менен биргеликте 3-орун Биржан Байту (Казакстан) менен Азамат Болгонбаевге буюрду.