Кабулда кош жардыруу болуп, аны «Ислам мамлекети» террордук тобу жасаганын жар салды

Кабулдун күрөш боюнча машыгуу борборунда кош жардыруу болуп, кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылып, 70тен ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-сентябрда жанкечти Кабулдун батышындагы спорт борборунун ичинде өзүн жардырып жиберген. Бир аздан кийин ошол эле жерге полиция кызматкерлери, кабарчылар жана эл чогулган кезде автоунаа жардырылган.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алды. Жоочулар кол салуу “динден чыккандарга” багытталганын билдирген.

БУУнун Ооганстандагы өкүлчүлүгү кол салууну айыптады.

Быйылкы жылдын январь айынан бери эле Кабулда 17 кол салуу болуп, андан 430 киши мерт кеткен.