ДКО-2018: Көк бөрүнүн финалында Кыргызстан менен Өзбекстан кездешет

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты. Оюн  Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өттү.

Кыргызстан биринчи жарым финалдык оюнда Москванын командасын 23:5 эсеби менен жеңип финалда ойноо  мүмкүндүгүн алды. Ал эми жарым финалда Өзбекстандын курамасы 5:4 эсебинде Казакстандын улакчыларын утуп финалга чыкты.

7-сентябрда саат 16:00дө Көчмөндөр оюндарынын коло медалы үчүн Казакстан менен Москванын курамалары ойношот. Финалдык беттеш саат 18:00дө болуп, биринчи орун үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары оюн талаасына чыгат.

Байге фонду 6 млн. 200 миң сом. Биринчи орун үчүн 3 млн. сом, экинчи орунга – 1,5 млн. сом, үчүнчү орун – 1 млн. сом. Мыкты улакчыга жана мыкты күлүккө 100 миң сом берилет.