Атажанов мекенчилдигин сөз эмес, иш жүзүндө көрсөттү

Жакында Бишкектин Л.Толстой көчөсүнүн Садыгалиев жана Алыкулов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси оңдоодон өтүп пайдаланууга берилди.

Бирок, мындан 4 ай мурда ушул жол түшө турган бөлүгүндө Ырысбек Атажановдун үйүнүн короосу бар болчу. Ага март айында муниципалитеттин кызматкерлери келип: “Сиздин жер тилкеңиздин 11 сотугун шаар мэриясы сатып алууну көздөп жатат. Сиздин корооңуз турган жерден жол кеңейтилип, асфальт төшөлүшү керек”, — дешет. Атажанов болсо аларга: “Шаардын жолу үчүн короом керек болсо акысыз берем. Мекениме пайда келтирүүгө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн качпайм”, — деп жооп берген.

Учурда 45 жаштагы Ырысбек Атажанов үй-бүлөсү менен короосу кемиген үйдө жашап турат. Ал алма, кара өрүк, алмурут, өрүктүн орду үчүн өкүнмөк турсун, тескерисинче, жолдогу тыгын азайып, жаркыраган асфальт төшөлгөнүнө кубанганын айтууда.