Көмүрдү арзанында камдап ал

Өткөн жылдагыга караганда быйыл республика аймактарында көмүр кампалары көбөйтүлдү. Учурда өлкө боюнча 630 көмүр сатуучу кампа иштеп жатат.

Былтыркыга  салыштырмалуу көмүрдүн баасы да быйыл 400 сомго арзан болууда. Ошого карабай, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети калкты көмүрдү эрте кам-дап алууга чакырууда. Анткени, суук түшүп, алгачкы кар жааган учурда көмүрдү ташып жеткирүүгө кеткен чыгымдын баасы көтөрүлө башташы ык-тымал. Андан тышкары, кардарлардын көмүргө болгон талабы жогору-лаганда баанын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт. Азыркы учурда Ош шаарын-да көмүрдүн баасы 4,5-5 миң сом, ал эми облустун аймагында 2,5-6,5 миң сом. Жалал-Абадда 4,5-5 миңге, Баткенде болсо 1,5-6,8 миң сомго жетип жатат. Бүгүнкү күндө Бишкекте көмүр 3,2-3,7 миң сомдун тегерегинде. Чүй облусунда 3000-3500 миң сом, Нарында 1,5-3 миң сомго чейин барууда. Талас облусунда болсо 3,8-5,5 миң сомго жана Ысык-Көл облусунда 2,8-3,5 миң сомго чейинки баага алса болот.