Рыспаевди Рыскулов «каарман» кылды

Кыргыз парламентинде жакпай калган депутатты партиянын катарынан чыгарып салуу, а депутаттын болсо кетпейм деп тырышканы өнөкөткө айланып калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге партиялаштарын коррупционер атап жаманатты кылгандыгы боюнча кине тагылып, аны партиядан чыгарышууда. Ал эми депутат өзү болсо “Партиялаштарымдын алдында эч күнөөм жок. Мени кетирүүгө себеп жок. Ооба, мен радионун эфиринен КСДПда коррупция бар экенин айткам. Анткени, партиянын саясый кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымы УКМКнын СИЗОсунда отурушат. Аларга Бишкек ЖЭБсин модернизациялоо боюнча күне тагылды. Мен коррупция тууралуу дайыма айта берем”, — дейт сайттардын бирине.

Баса, партиялаштары тарабынан кодуланып, капа болуп турган Рыспаевге Кен иштетүү, өнөр жай жана энергетика мамлекеттик комитетинин башчысы Уран Рыскулов “Каарман” сыйлыгын тартуулап, маанайын көтөрүп койду.