Түркия террордук уюмдун 130 мүчөсүнүн тизмесин берди

Мындан эки жыл мурда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген, Түркияда террордук уюмду жетектеген катары эсептелген Фетуллах Гүленге тиешелүү уюмдун 130 мүчөсү Кыргызстанда бар экен.

Бул тууралуу Р.Эрдоган менен келген делегация алардын аты-жөнүнөн баштап, жашаган дарегине чейин маалымдалган тизмесин кыргыз бийлигине бергендиги тууралуу маалымат тарады. Алардын ичинен 13 адам “биринчи кезекте” кармалууга тиешелүү экендиги айтылыптыр. Аталган уюмдун ичинде абройлуу имам даражасын алып жүргөндөр да барын түркиялык маалымат каражаттары жазып жатат.