Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ, филология илимдеринин доктору, профессор: “VII кылымга чейин кыргыздар түрк тилинде сүйлөгөн эмес…

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Курманбек байке, быйыл да Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк алтаисттер конгрессинин (PIAC) жыйыны өткөнү турат. Биздин өлкөдө алтаистика илиминин абалы кандай?

– Кыргыз тилчилери, мурда биздин доордун V-XIII кылымдарында пайда болгон байыркы Орхон-Енисей жазууларынан ары чыга алчу эмеспиз. Кыргыз тилинин байыркы доору деп да ушул V-VI кылымдарды эсептечүбүз. Ошол V кылымдан ары кыргыз тили кандай болгон, кыргыз эли кайсы элдер менен карым-катнашта жашаган, тектеш тилдер бири-бирине канчалык деңгээлде таасирин тийгизген… бул али дың бойдон жатат.

– Дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу В.Бартольддун “кыргыз-дар VI кылымда гана түрктөшкөн”,  көрүнүктүү  түркологдор Э.Р.Тенишевдин “VII кылымга чейин кыргыздар түрк тилинде сүйлөгөн эмес”, Р.Эберхарддын “Кыргыздар түрк  традициясындагы  эл  эмес болгон”  деген  ойлорунун  канчалык чындыгы бар? Чын эле байыркы кыргыздар биздин замандын VI кылымдарында гана түрктөшүп, түрк  тилдеринин  бирин  өздөштүрүп алуу VII-VIII кылымдарда ишке ашканбы? Кыргыздар түрк традициясындагы эл эмес болсо, анда кайсы элдер менен жакындык кылат. Кыргыздардын генетика-лык-лингвистикалык өзөгү кайда барып такалат? Биз кыргыздар кайдан чыккан, качан жаралган элбиз, буга чейин түрк тилдеринин катарына кирген эң байыркы кыргыз тили тилдердин башка тобуна кошулабы?

– Муну илимий жактан далилдеш өтө оор маселе. Бирок буга Алтай тилдер тобу менен кыргыз тилинин фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык түзүлүшүн тарыхый жактан тектештирип изилдегенде гана толук жообун алабыз. Кыргыз тилинин генетикалык өзөгүн табабыз. Демек Алтаис  тика кыргыз тилинин  түпкү  жаралышын,  өнүгүшүн көрсөтүүчү  бирден  бир  булак  болуп эсептелет.  Тилдин  өнүгүшү  коомдун өнүгүшү менен түздөн-түз байланыштуу. Анткени коомдук өнүгүш деңгээлине тиешелүү даражада түрткү болуп, ага дайыма көмөктөшүп турат. Бирок коомдун өнүгүш тарыхы тилдин өнүгүш мыйзамдарын аныктабастан, тилдеги жаңы түшүнүктөрдүн жаралышына оңтойлуу өбөлгө-шарттарды гана түзө алат. Тилдеги жаңы жаралган же жаралып жаткан көрүнүштөрдүн көбү ошол тилдин ички түзүлүшү менен андагы мыйзамдарынын негизинде пайда болот. Тилде жаралып жаткан жаңы көрүнүштөр тилдин ички мүмкүнчүлүктөрү жана ага таасир эткен тышкы таасирлери аркылуу шартталышы мүмкүн. Тышкы себептер аркылуу шартталган көрүнүштөргө хронологиясы боюнча тилдин сөздүк корунан кийинки мезгилинде жаралган лексикалык курам көбүрөөк дуушар болот. Анткени коомдук түзүлүштүн, чөйрөнүн, жашоо формасынын өзгөрүшү тилде көп сандаган жаңы сөздөрдүн жаралышына алып келет. Демек тилдин лексикалык курамынын баюусу тилди тиешелүү даражада сыпат жагынан өзгөртөт. Ал эми тилдин грамматикасы лексикага караганда туруктуу келет. Ошондуктан “Алтай тилдер тобу” теориясын жактагандар көбүнчө тилдин грамматикасына басым жасашат.

–  Кыргыз  тилинин  тарыхы түрк тилдүү элдердин, андан нарылаганда алтай тилдер тобунун (монгол, тунгус-маньчжур, корей-жапон) жана урал-алтай тилдер тобунун  (фин-угор,  венгр  ж.  б.) тарыхы менен түйүндөш. Буга не дейсиз?

– Азыркы кыргыз тилиндеги негизги кубулуштардын башаты дагы тилдердин урал-алтай жалпылыгы жана алтай жалпылыгы болуп турган эң байыркы мезгилдерде түптөлүп, кийин алардын ар кандай аймактарда ар түрдүү элдер, тилдер менен ар кандай даражада байланышта болуусуна жараша узак мезгилдер бою тынымсыз ар кандай өнүгүп-өзгөрүүгө дуушар болуп отурган. Анын натыйжасында, бири-бирине жакын жана бири-биринен алыстап кеткен тектештиктин түрдүү даражасындагы алдыдагыдай көптөгөн тилдер келип чыккан. Бирок алардын көбүндө байыркы түпкү баба тилден бери келаткан, ошону менен бирге тилдик узак байланыштардын натыйжасында жаралган кандайдыр бир тилдик байыркы жалпылыктардын, локалдык окшоштуктардын издери бар экендиги байкалат. Ошондуктан, мындай жалпылыктардын башын бирик-тирип турган түпкү баба тилге — прото «Урал-алтай тилдерине», б. а., «Тилдердин  Алтай  биримдиги  теориясына» кайрылып, ал тууралуу тиешелүү өлчөмдө маалымат берүү – кыргыз тилинин байыркы тарыхын аныктоого шарт түзөт.

– Жаңылбасам, университетте бул теориянын башталышы шведдер менен орустардын 1709-жылкы Полтава согушунда туткунга түшүп, Тобольскиге сүргүнгө ай-далган швед офицери Филип Иоганн Табберт  Страленбергдин  атына байланыштуу деп окуган элек. Ушундай эмеспи?

– Ал он үч жыл бою Сибирде жүргөн мезгил аралыгында немис табият таануучусу Д.Г.Мессершмидт менен биргеликте изилдөөчүлүк бир топ иштерди жасаган жана өз өлкөсүнө кайтканда, аларды топтоп, 1730-жылы «Das nord und Ostliche Theil von Eurora und Asia» аталыштагы эмгегин жарыкка чыгарган. Сибирь менен Орто Азиянын картасы жана отуз эки тилден, диалектилерден жазылган отуз беш сөздүн салыштыр-малуу тизмеси көрсөтүлгөн. Ал эмгеги бат эле башка тилдерге которула баштаган. Страленбергдин он үч бөлүмдөн турган эмгегинде салыштырылып жат-кан тилдердин ортосундагы типологиялык окшоштуктар, ошондой эле байыркы түрктөрдөн калган балбал таштар, андагы  жазуулар,  Енисей  жазуулары туурасында алгачкы маалыматтар айтылган.

Ф.И.Страленберг финн-угор, түрк-татар, самоед, монгол-маньчжур, тунгус  жана  Кавказ  тилдеринин  башын бириктирип,  биринчи  жолу  аларды  жалпылаштырылган  «Татар  тилдери»  деген  термин  менен  атайт.

Абель-Ремюзанын 1820-жылы жазган «Recherches sur les langues tartars» жана В.Шоттун 1836-жылкы «leslangues Tartares Tatarische Spractn» деген эмгегинде урал-алтай тобун атоо үчүн алар Ф.Страленберг алып чыккан «Татар тилдери» терминди колдонушат. Расмус Раск болсо, 1834-жылы жарыкка чыгарган «Den skytiske Sproget» аттуу эмгегинде Ф.Страленберг салыштырган тилдердин арасына Арийге чейинки Испания жана Галлия, палеоазиат Гренландия, Түндүк Африка, Азия, Европа, Кавказ тилдерин кошумчалоо менен «Скиф тилдери» деп атаса, Макс Мюллер бул топту мындан да кеңейтип, Сиам, Түштүк Индия жана Тибет тилдерин бул жакка ыйгарып, ага карата «Туран тилдери» деген терминди илим чөйрөсүнө алып чыгат. Ошентсе да, фин окумуштуусу М.А.Кастрен биринчи болуп «урал-алтай тилдери» деген аталыштын экинчи бөлүгүн «Алтай тилдер тобу» деген терминди өзүнчө бөлүп колдонот.

– Ушул эмгектен кийин финн-угор, самоед, турк, монгол, маньчжур-тунгус  тилдерине  карата урал жана алтай тилдеринин тобу деген өз-өзүнчө аталыштар ажы-ратылып колдонулуп, ага алтай тилдер  тобуна  аталгандардан тышкары корей менен жапон тилдерин кошуп карай башташкан да, туурабы?

– Туура. Натыйжада, тил илиминде көрсөтүлгөн тилдердин теги бир баба тилден чыккан деген ойду карманган «Урал-Алтай же Алтай теориясы» түшүнүгү пайда болот. Ал теориянын жаралышы менен анын көптөгөн жактоочулары, аны башкачараак түшүндүргөн жана ага караманча каршы пикир айткан окумуштуулардын жоон тобу бар. Маселен, Г.И.Рамстедт (1933, 1935) ж. б. окумуштуулар урал тилдери менен индо-европалык тилдердин окшоштугун жактаган пикирлерди айтышса, А.Вамбери (1870), Ю.Немет (1928) урал тилдери менен түрк тилдери гана тектеш деген көз карашты тутунушат. Мындай теориялар менен бирге алтай тилдеринин америкалык тилдерге тектештигин айткан пикирлер да кошо жашап келет. Бирок окумуштуулардын басымдуу бөлүгү урал тилдеринен алтай тилдер тобун бөлүп алышып, алардын тилдик топторунда байкалган айрым окшоштуктарды табууга аракет жасашкан. Мындай ишти В.Шотт 1836-жылы жазган «Versuch uber tatarischen Sprachen»» аттуу эмгегинде ишке ашырган. Ал түрк тилиндеги з, чуваш тилиндеги р жана түрк тилинде ш, чуваш тилиндеги л тыбышына туура келерин байкап, чуваш тилинин түрк диалектилеринин бири экендигин алгачкылардан болуп айтып чыгат. Г.И.Рамстедт мындай тыбыштык дал келүүлөрдүн монгол жана түрк тилдеринде да бар экендигин 1902-жылы Хельсинкиде жарыялан-ган «Uber die Konjligation des Khalkha Mongoliscen» аттуу эмгегинде з/р (түрк тилинде өкүз — монгол тилинде укер), ш/л (түрк тилинде таш – монгол тилинде чилагун) тыбыштык параллелин табат. Венгер окумуштуусу Золтан Гомбоц булардын хронологиясына кайрылып, түрк тилиндеги з жана ш нын чуваш жана монгол тилиндеги р жана л тыбышынан байыркыраак экенин белгилейт. Г.И.Рамстедт аталган тилдердеги мындай тыбыштык параллелдерден тышкары морфологиялык маселелер менен  диалектилик  бөлүнүштөрүнө токтолот.

– Сиз айткандарды угуп отуруп,  тил  математикадан  алда канча татаал дегенге ишенип отурам.

– Тил татаал кубулуш. Алтай тилдерине  кирген  түрк,  монгол,  тунгус-маньчжур жана корей тилдеринин географиялык жайгашуусу тууралуу (сөз жүргүзгөндө, Г.И.Рамстедт байыркы ал-тай тили б.з.ч. XI кылымдын башында таркап жок болгондугун, прото-корей тили менен прото-түрк тили (же прото-чуваш-түрк) тили негизги тил тараган аймактын  түштүк  бөлүгүнөн,  прото-монгол тили прото-маньчжур-тунгус жана прото-корей тили, бул аянттын чыгыш бөлүгүнөн, прото-түрк (же прото-чуваш-түрк) тили менен прото-монгол тили батыш бөлүгүнөн орун алганын белгилеп, Хинган Каңгай тоолору алтай тилдери бүлөсүнө тиешелүү тилдерди эки топко бөлүп тургандыгын айтат. Түндүктөн түштүктү көздөй созулуп жаткан Хинган Каңгай кырка тоолордун батышында монгол жана түрктөрдүн ата-бабалары жашаган кезде, анын чыгышында маньчжур-тунгус жана корейлердин ата-бабалары жашоосу ыктымал деп башында божомолдоп айтса, кийин аны тактап маньчжур-тунгус тилин түндүккө, монгол тилин батышка, түрк тилин түштүккө, корей тилин чыгышка которгон.

Америкалык изилдөөчү Д.К.Стриттин пикири боюнча корей, жапон, айну  тилдери  белгисиз  тилдерден  барып, түбү Түндүк прото-азия тилинен чыгарылса, Р.Э.Миллер Орто корей, байыркы жапон, рюкю тилдерин Аралдар  жана  жарым  аралдар  прото  тили> Түндүк жана жарым арал прото алтай тили> чыгыш прото-алтай тили> прото-алтай тили схемасы боюнча жүргөндүгүн көрсөтөт жана «Japanese and the other Altaic Languages» (1971) аталыштагы эмгегинде р/з > ш/л тыбыштарынын алмашуулары боюнча жапон тилинен бир катар баалуу мисалдарды келтирүү менен катар япон тилинин  алтай  тилдери  менен  тектеш экендигин илимий жактан далилдеген.

К.Э.Менгес алгач алтай тилдеринин тобуна алтай элдери мекендеген аймактын түштүк-батыш жана батыш тарабында болгон гунн (алтайлык элдер, волгалык булгарлар менен азыркы чуваштардын ата-бабалары), түрк (адегенде түндүк-батышта жана батыш тарапта болгон), монгол (бор-бордо жана түштүк-чыгышта болгон), тунгус (түндүк жана түндүк-чыгышта болгон) топтору деп төрткө ажыратса, эмгегинин экинчи басылышында алтай тилдеринин бүлөсүн алты тилдик топко: түрк, монгол, тунгус тилдери (ички топ), корей, япон, рюку тилдери (тышкы топ) деп бөлгөн. Тунгус элдери улуу миграциянын эч кайсынысынакатышпагандыгын эске (аргумент катары) алып, аны алтай тилдеринин эң архаикалык тиби катары эсептейт да, бул тил алтай тилдеринин эволюциялык жашын аныктоодо эң мыкты түп нуска болуп берерин айтат. Түрк тилдери болсо эң кийинки эволюциялык тип, монгол тилдери түрк тилдерине салыштырмалуу архаикалык тил болгону менен, тунгус тилдерине караганда өнүгүүнүн бир топ этаптарын басып өткөн тил болуп эсептелет. Кийин ал корей жана япон тилдери алтай тилдер бүлөсүнө жакын болушу ыктымал деген мурдагы көз карашынан баш тартып, корей — алтай изоглоссаларына караганда япон — алтай изоглоссалары (синтак-систе гана эмес) көбүрөөк экендигин мойнуна алат.

Г.Винклер (1924) урал-алтай тил бүлөсүн кеңейтип, өлүү тилдер катары таанымал болуп калган шумер, акад тилдерин бул бүлөдөн деп эсептөө менен, урал-алтай тил бүлөсүн урал тили, алтай тили деп экиге бөлүп, аларды ич ара тилдерге ажыратат. Алтаистердин “Алтай тилдер тобу” теориясы боюнча айрым көз ка-раштар ушундай.

– Сиздин илимий эмгектериңиздин биринен “тунгус-маньчжур элдери улуу миграцияга катышпай, өз тилдеринин архаикалык-генетикалык өзөгүн сактап калган болсо, кыргыз тилинин тилдик түзүлүшүн ошол тилдер менен тектештирме планда изилдөөгө тийишпиз” дегенди окуп калдым?

– Ооба, жазгам. Буга бир мисал келтирели: эвенки тилинде “Ала – пестрый”, “Аскав – деген сөз проруб” деген маанини билдирет. Бул Ала-Асканын – Альясканын” аталышы. Кыргыз тилинде да “Ала” сөзүнүн бир мааниси – ала – пестрый, “аска” – скала. Демек эвенки тилинде Ала-Аска (Альяска) деген ороним Ала-Була аскадан өтүү деген маанини билдирет.

Ошол Ала-Аска (Альяска) – ала була өтмөк аркылуу алтай элдери Америка континетине каттап турушкан. Кыргыз тилиндеги Ала-Аска (Альяска) деген мааниге дал келет. Демек кыргыз тилине мааниси жакын. Мындай лексикалык окшоштуктар тунгус-маньчжур, корей, жапан тилдерине барып такалышы ыктымал. Бул албетте, илимий гипотеза.