Какшаалдан качкан кайран ат же Нарбаш тулпар баяны

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыздын эң башкы баалуулугу бул — улуу сөз. Сөзгө аяр мамиле кылган, аны айта да, уга да билген элбиз. Сөз атасы Манас баштаган бай казынабызды көкүрөккө кыттай уютуп сактап келгенибиздин жөнү ушул. Улуу сөз — алп дарыяга ар тараптан миң салаа болуп кошулган мөлтүр булактан бетер, укканды умсундурган, улутту ойго салып, бир жагынан сыймыктануу сезимдерин жараткан, эч бир элде кездешпеген теңдешсиз окуялардан турса керек. Айрыкча канатташ жаткан Кочкор, Жумгал элинде күнү бүгүн катуу айтылып келаткан улуу сөздүн бири Нарбаш тулпар баяны. Кыргыз “күлүк ат, алгыр куш, чыгаан тайган, сулуу кыз элдики”, – деп тегин жеринен айтпаптыр. Муну айрыкча Нарбаш тулпар жөнүндөгү күнү бүгүнкүгө чейин айтылып келаткан аңыз кеп ашкере туюндуруп тургансыйт.

Тулпардын соңкусу

Нарбаш Шабдандын ашында гана аралыктын чукулдугунан (чукул болгондо 45 км) же айтып жүрүшкөндөй атайылап жасалган тоскоолдуктардын айынан экинчи келгени болбосо, Үркүнгө чейин кыргыз-казакта байге бербеген, жалаң гана коного (жердин алыстыгынан түнөп чабуу, 100 чакырымга чейинки аралык) чабылган, жер түтпөгөн тулпардын соңкусу болгон. Кыргызда 17 асыйына чейин чабылып, бир да жолу чыкпай калбаган Байтиктин Керкашкасын алыска жуукту ылгабаган тулпардын соңкусу дешкен. Бирок ал чабылган жерлерде, ошол эле аралыктарда жүгүрүп жүргөн Бекболоттун Нарбашын тулпардын соңкусу ушул болуп калды го деп айтышчу экен. Элдин сынынан, баасынан өткөн аныктама да болушу мүмкүн эмес.

Нарбаш — Жумгалдык саяпкер Бекболоттун кыргыздын намысына жараган, даңазасы далайды тамшандырган күлүгү болгон. Башка түшсө айла жок Улуу Үркүндө эл менен Какшаалга үркүп барган Бекболот кайра кайтуу үчүн Нарбашты элге жетерлик малга сатууга аргасыз болот. Ансыз да Нарбаштын айдыңы алыска кеткен күлүктүгүн билген кытай төбөлдөрү тартып алып коюулары толук мүмкүн болчу.

Ай-жыл айланбай чоочун жер, бөлөк элге токтобой канча миңдеген чакырым алыстыктагы Какшаалдан үч жолу качкан Нарбаш тулпар жөнүндө аксакалдар ушунчалык шыпшынуу, баа бергендик, ыраазычылык менен кеп кылышар эле. Биринчисинде карагайдан атайылап жасаткан калың жыгач тосмону көкүрөгү менен бузуп качып чыгат. Бирок жолдон чоң сууга кептелип, суудан кечип өткөнү менен аркы өйүздөгү аскадан өтө албай аргасыз кайра сүзүп жээкке чыкканда кармалып калат.

Экинчи качканында айбандан эстүү жаныбар куугунчуларга көрүнбөй күндүзү караган бута, аска таштарга, аң-чөнөктөргө жашынып, түнү жүрүп отуруп Бекболоттун өзүнө качып келгенде артынан куугун келип кайра алып кетишет. Үчүнчүсүндө өрөөлөп (үч буттап) койгон жеринен тушамыш, өрөөсүн үзүп качат. Элге келгенинде тушамыш буттарынын тарамышын кыйып жибергенин көрүп ыйлабаган киши калбайт. Бирок үчүнчүсүнөн кийин кайра беришкен эмес. Ошончо жерден ит-кушка жем болбой, күндүз жашынып, түндө жүрүп отуруп элге жеткен Нарбаш тулпардын бул кайраты күнү бүгүн да таңкалтырбай койбойт. Колдон келсе кино тартса эмне деген гана сюжет болуп берер эле?!

Кыргызда атагы Айга угулган күлүктөр болуп келген, боло да бермекчи. Нарбаштын артыкчылыгы күлүктүгүнөн мурда, айбан да болсо өсүп-өнгөн жерин издеп, агыны катуу суу кечип, ашуусу бийик бел басып, жердин түбүнөн кайра элге кайрылганында. “Эл сагынбас эр, жер сагынбас мал болбойт” дегендей кайран тулпар ушунусу менен эл оозунан түшпөй келет.

Нарбаш тууралуу китеп

Легендарлуу тулпар тууралуу биринчи топтогу майып, 20дан ашык китептердин (аңгеме, ырлар жыйнагы) автору, учурда Токмок шаарында жашап жаткан Мырзабек Чокотегин Нарбаш” аталган тарыхый роман жазып, жакында эле жарыкка чыгарыптыр. Китепте Үркүнгө чейинки элдин көчмөн турмушу, каада-наркы, салты, күндөлүк тиричилиги, кандуу Үркүндөгү тарткан азап-тозогу далилдүү окуялар менен жакшы берилген. Баарынан да Нарбаш тулпарга байланыштуу эл оозунда айтылып жүргөн аңыз кеп өңү бузулбастан, ынанымдуу баяндалган. Окурмандар Нарбаштын кулун кезинен дубанды жарган күлүк болгонго чейинки мезгилин, кайсы жерлерде кандай чоң байгелерге чабылганы, чыгаан саяпкер Бекболоттун жеке тагдырындагы орду, акырында алыскы Какшаалдан канчалаган кыйынчылыктар менен качып келгени баяндалат. Ошондой эле китептен Баялы саяпкер тууралуу мурда билбеген маалы-маттарды ала алабыз. Мындан тышкары, олуя Куйручук, Курман, Көкүмбай өңдүү эл кай-мактарынын, карапайым элдин Үркүндөгү тарткан ызакордугу айтылат.

Нарбаш бир гана Бекболот саяп-кердин аял алып агарып көгөрүшүнө, айтылуу манаптар Шабдан, Көкүмбай, Курмандар менен тизгин кагыштырып бир бастырышына себеп болбостон, канчалаган бей-бечаралардын ажатын ачкан, качан да болсо, кайда барып чабылбасын түмөндөгөн мал менен кайткан, бир элди баккан канжыгалуу тулпар болуптур. Нарбаш чабылганда байгесиз кайтпасын билгендер атайы жол карап күтүшүп, соогат алып калышчу экен. Бекболот да колу ачык, берешен жан болсо керек, эч кимден эч нерсе аянбаптыр. Ушу жагы китепте жакшы ачылып берилген.

Бир сөз менен жаңы эле көз жарган М.Чокотегиндин “Нарбаш” китеби, бул кыргыз тулпарынын касиети туу-ралуу элге дайын окуяны терең ачып берген, этнографиялык табылгаларга бай, жаштар үчүн да тарбиялык мааниси бар чыгарма болуптур…Улуу сөздүн учугу ушинтип улана берет. Бул китеп кеп кадырын, асылдын баркын билген-дердин жан азыгы болуп калаарына эч күмөнүм жок.