Ч.Айтматовдун өчпөс тагы – «Кассандра тамгасы»

Башталышы бул жерде

Арийне, кантсе да Ч. Айтматов – зи-линде катаал реалист. Ошондуктан, ал эч кандай иллюзиясы жок эле, болгон жыпжылаңач чындыкты болгонундай баса көрсөтөт: “Адамзатка абал башынан даарып коюлган Жакшылыктын кубатын жана ага карабастан, аны менен бир катарда кошо ыйгарылган Жамандыктын кубатын эч ким өзгөртө албайт. Экөө бири-бирине тете теңдеш күчтөр. Бирок адамга өзүндөгү Жамандыкты жеңүүгө түрткү болуучу түбөлүктүү күч-аракетти өз ичине алган акыл-эстин артыкчылыктары берилген”. Адам баласынын жаралгандан бирге бүткөн бирден бир башкы парзы, Айтматов өзү айткандай – “ар күн сайын адам болуу”. Ал эми жаркын келечек дегенибиз кандай, ал эмне? “Жашоо-турмуштун гармониясы!” Кишинин милдети жашоо-турмушту гармониялаштыруу, өркүндөтүү, ага биздин дээрлик ар бир кадамыбыздан келип чыгып жаткандардын бүт баарысы кирет. Абийир – адам жашоосунун гармониялуу же гармониялуу эмес экенин өлчөөчү абсолюттук ченем. Романдагы орошон ой боюнча, “абийирди ар ким ар кандай түшүнгөнүнө карабай”, арийне, ал “табигат алдында, тарых алдында, дүйнөнүн азыркы жана келечек тагдыры алдында БААРЫН билдирет”. Абийир – ал Кудайдын биздеги үнү.

Романда ар бир адам баласы өз өмүр-жашоосу жана жасаган иш-аракети үчүн өзү милдеттүү жана жоопкер экенин эскерт-кен ибарат идея жаңырат. Өмүрдөн өткөн өкүмдарлардын жаны жай албайт. “Кассандра тамгасынын” сюжети боюнча, алардын (Ленин менен Сталиндин) “калдаң баш-жапалдаш” фантом-караандары салтанаттуу параддар менен жүрүштөрдөн кийин сөзсүз түрдө Кызыл Аянтта пайда болбой койбойт. Чыгармада эң негизги темалардын бири – тоталитаризмдин адамгерчиликсиз, кыйраткыч жексур жүзү жана ырайымсыз-ыймансыз табияты темасы. Тоталитардык система, бир тарабында – ар кыл деңгээлдеги парткызматчылар кастасы, каршы жагында – кыңк эткис маңкуртка айландырууга башы байланган караламан калың масса. Тотал системага эң кереги — атасы да, апасы да, баласы да, журту да, эрки да, өзүнүн ой-пикири да, сезими да жок, өздөрүн бүт бойдон өндүрүмдүү эмгекке, башка маанилүү милдеттерге, баарыдан мурда, сөзсүз болбой койбоочу дүйнөлүк революция ишине арнай турган адамдардын айрыкча тукумун жасалма жол менен жаратуу мүдөөсү. Ал үчүн аты-жыты белгисиз аноним ата-энелердин уругунан пробиркадан тоталитардык системанын бүт жер жүзүндө жеңишке жетишүү идеясы үчүн эч кылчактабастан, кайра тартпастан аёосуз күрөшүп, “өлүп бараткан дүйнөлүк коммунистик идеологияны жандандырууга жарамдуу” “жаңы адам – иксроддор” жасалып чыкса деген максат-тилек! Мына ушул озуйпаны орундатуу үчүн «компетенттүү органдар”тарабынан окумуштуу Крыльцов Андрей Андреевичтиналдына иксрод-индивиддерди жасап чыгаруу технологиясын  ойлоп  табуу  боюнча конкреттүү тапшырма-милдет коюлат. «Иксроддор тарых дөңгөлөгүнүн  кыймылын токтотуп, ата деген, эне де-ген, бала деген, үй-бүлө деген түшүнүктөрдү түп орду менен жок кылып, жарык дүйнөдө буга дейре ар бир адам жа-на жалпы үчүн муундардын тажрыйба мурасы болгондун баарын жоюуга тийиш эле. Алар  теги  жок,  ата-жотосу жок, максаттуу иш-аракеттен башка эч нерсеге алаксыбаган, айтканды гана аткарган кесипкөй адис, сезимсиз мерес, маң баш маңкурттар армиясы болууга чакырылган. Калгандары сыдыргыга салынып, жок кылынууга тийиш болгон. Жогорку бийликтин ушундай саясаты менен практикасы биздин өткөн тарыхыбызда да өкүм сүргөнү маалым. Ч.Айтматовдун муунуна  дал  ушундай  система  тушунда турмуш кечирүүгө туура келген жана иштин мындай абалына жазуучунун жүрөгү эч качан макул болгон эмес. Албетте, ал убакта андайга ачык каршы чыгуу абдан опурталдуу болчу. А бирок, ошентсе да, жазуучунун  көңүл  түпкүрүндө  түпөйүл протест  дайыма  жашап,  жан-дүйнөсүн түйшөлтүп келгени шексиз. Ошол оор ой-санаалардын баары чогулуп олтуруп, акыры “Кассандра тамгасында” оргуп чыкканы чындык.

Сөз жок, көркөм чыгарма окурманга тийиштүү түрдө эмоциялуу таасир этүү үчүн адатта баарын абдан ачыктап-дааналап, көбүртүп-жабыртып сүрөттөйт. Бул эми көркөм  өнөрдүн  өз  табиятына  таандык өзгөчөлүгү. “Кассандра тамгасы” да адабият менен искусствонун мына ошондой спецификалуу мыйзам-ченемдери боюнча жазылган.

Ал эми Крыльцов өзүнө жүктөлгөн мамлекеттик  ашкан  маанилүү  милдетти аткара алдыбы? Жок, аткара албады. Адамдагы “адамдыкты” өлтүрүү, киши-нин “кишилигин” жок кылуу мүмкүн эмес! “Моралдык-этикалык мүнөздөгү” факторлор жол бербеди: пробиркадан чыгуучу түйүлдүктү өстүрүш үчүн энелик жатынын инкубатор кылгысы келбеген Руна Лопатинанын кашкөйлүгү, каармандыгы, адамгерчилиги, сулуулугу, курмандыгы Крыльцовдун ички дүйнөсүн өзгөртүп, ал өзүнүн жасап жаткан иш-аракети адам затынын Табиятына кыянаттык кылуу, кишилердин тагдырын топ таштай калчаган ырайым-сыз жана кечиримсиз кылмыштуулук экенин аңдап түшүндү. Өзүн Кудайдын ордуна коюп алганы үчүн тагдыр аны жазалады: көңүлүнөн тынчтык (демек, бакыт) кетти; ушу дүйнөдөн безип, кайдадыр бир алыстан, Космостон, жай алып, “Жердеги Жамандыкты токтотуу керек” деп эскертүү менен кылганынын баарын унутуп, оңдогусу келген каалоо-тилек жан-дилине кыттай уюп, жүрөгүн тынбай өйүп туруп алды. Бирок космостук кечил Крыльцов – Филофейди (“фил” – сүйүү) бул да тынч алдыра албады… Акыры сүйгөнү Руна сыяктуу анын да өмүр-жашоосу трагедиялуу аяктады. Филофей кечилдин тарых-таржымалы аркылуу Айтматов адамзатты: “Табигатты сыйлагыла; анын жол-жоболоруна кийлигишүүнүн эби-ченин биле жүргүлө; илимий ачылыштарды гумандуулукка каршы максатта пайдаланууга жол бербегиле; өтөөр-кетээр, оомал-төкмөл  жашоодо  эң  башкысы  – анын түбөлүктүү насил-нарк дөөлөттөрү: абийир, акыл-эс, сүйүү, сулуулук, музы-ка  экенин  эч  качан  унутпагыла!”  –  деп эскерткенсийт.

Автордун жана баш каармандардын ою боюнча, адеп-ыймандык жол-жоболор менен руханий идеалдардын баары теңирдентескери бурмаланып, адамзат бузулуунун сормо сазына батып турганда өзүн актап сакташ үчүн ал өсүп-өркүндөөнүн туу чо-кусуна жетүүнүн жолу таптакыр бөлөкчө болууга  тийиштигин,  башкача  айтканда,  ириде  “жамандык  биздин  өзүбүздө” (Айтматов) экенин аңдап түшүнүүгө күч үрөшү керек. Кылымдар бою топтоло берип, ар адамдын каны-жанына аралашып, сөөгүнө сиңип, катып калган зыяндуу энергия менен терс эмоциялардын уюган угу-ун күбөлөгөн кассандра-эмбриондор тео-риясы дал ушу жөнүндө. Ааламдык жана адамдык гармонияга жетүү жолу дүйнөлүк масштабда да, жекече тагдырда да ар бир кишинин  өзү  менен  өзү  күрөшкөнүнө, өзүн-өзү тазалап, аруулаганына жана ин-сандын  өзүнүн  рефлексиясына  жараша болот.

Киттер сыяктуу эле, романда кылым менен  жашташ  кремль  үкүсү  да  капыл-тапылдан чыга калат. Ал арбактардын өз ташпиши жана Россиянын тагдыры жөнүндө талашып-тартышкан диалогун тыңшаш үчүн ар түн сайын туура саат үчтө кремлдин Спасский мунарасынан учуп чыгат. Россия гана эмес, бүткүл дүйнөнүн тарых-тагдырында зор  роль  ойношкон  улуу  эки  адамдын (Ленин  менен  Сталиндин)  сүйлөшкөнү өлгөндөн кийин да жаны жай таппаган инсандын трагедиясы канчалык оор экенин дагы бир жолу далилдейт: “Мага чыгуу жок, мага тынчтык жок, жаным жай албайт, мага кечирим жок! Башта ойлочу эмесмин, эми башымдан кетпейт – эмнеге жаралдым экен, энем мени эмнеге тууду экен?! Туулгум келген эмес эле, келген эмес эле! Эми минтип табытта камалып жатам”. Албетте, өткөндү эми өзгөртө албайсың, ошентсе да, эгерде адамзат, боюна бүткөн эне жарык дүйнөдө “Кассандра тамгасы” жашаарын ошо өз учурунда билишкенде тарых кандай өнүгөт эле; балким, канча бир азаптар анда болбой калат беле. Өздөрүнүн илме кайып мунарык закымында кайым айтышып, ырылдашкан ыркы жок караандарын Жараткандын жазмышы менен үкү гана көрүп, уга алган бул арбактардын бүтпөгөн талаш-тартышы да ушу жөнүндө” [Ч.Айтматов. Тавро Кассандры. – М; 1995].

Романдын көркөм мейкининде бул символдун өзүнүн семантикалык орду бар. Анткени картаң үкү адамзаттын акылмандыгын, а киттер абийирди чагылдырат. Чыгармада киттер менен үкүнүн ортосунда кандайдыр метафизикалык илме кайып байланыш бар: “Үкүгө алда кайдагы алыстыктан, ааламдын башка бир кыйыр четинен түнкү океанда киттердин үйүр-тобу тоодой денелери менен толкундарды жиреп, сүзүп баратканы угулуп аткансыды… Үкү кремлдин кырынан жерде бир дүмөк болоорун сезгенсиди. Дайыма ушундай боло келген –ааламда бир алаамат апаат болоордо киттер аргасы калбай алдастап калышат” (Ч. Айтматов. Тавро Кассандры. – М; 1995).

Абийир  жана  акыл  –  адамзаттын өсүп-өнүгүүсүн  кыймылдатып,  гүлдөп өркүндөөнүн жолун, багытын көрсөткөн күчтөр ушулар. А чыгарманын акыры дал ушулардын аянычтуу трагедиясы менен аяктайт: киттер кургакка бой уруп жан таслим болушат; а өлгөн үкүнүн тарпы мавзолейден табылат. Филофейдин өзүн-өзү өлтүрүшү да көп маанини туюндурат: ал бул актысы менен а тургай өзүн каргыш ургур деп каргагандарга да каармандыктын, жакшылыктын жана нукура сүйүүнүн нускалуу сабагын калтырат. Ошентип, адамды дагы бир жолу сактап калуу, анын акыл-эсин андан ары өсүп-өркүндөө жолуна салуу аракети бу сапар да, абалтан боло келгендей, оңунан чыкпайт. “Арийне бу жолдун куну дайыма кымбатка турган. Бардык мезгилдерге нускалуу  улуу  сабак  бир  жолу  болбоду беле. Куну – Голгофа болгон. А бул бол-со  өзүнүн  кунун  космостон  төлөдү…” [Ч.Айтматов.  Тавро  Кассандры.  – М; 1995].

Автордун  эси-көөнүн  көбүн  эсе интеллектуалдык-философиялык  жана саясый-идеологиялык көйгөйлөр көбүрөөк ээлеп алгандыктан, эстетикалык-көркөм иштелиши жагынан “Кассандра тамгасы” романы карама-каршы арсар сезимдерди туудурат. Арийне, арылап окуган сайын чыгарманын айрым жерлери чындыгында эле ашкере асмандап, акылдуусунуп аткандай туюм калтырат. Бирок, ага карабастан, текст жана анын артына катылган көп маанилүү ойлор улам тереңден тереңге тартып, баш көтөртпөйт. Мунун дагы бир негиздүү себеби – романдын тексти фантастиканын көнүмүш мыйзамдарына да, социалдык прозанын мыйзамдуу стандарттарына да сыйбайт. Тексттин таза адабий татыктыгы боюнча аз гана сөз менен айтса жарашат. “Кассандра тамгасы” романы сөздүн ток этер маанисинде – постмодернистик тереңдик жана кылдаттык менен жазылган чыгарма. Байкалбай баракталган беттери көңүлдө философиялык, болбосо, көндүм жакшы прозага мүнөздүү көп маанилүү, көп маңыздуу тааныш-бейтааныш таасир калтырат.

Ушуга байланыштуу чыгармада фантастиканын ролу кандай экенине бир аз ой  токтотсок.  Кассандра  тамгасы  идеясы, биздин баамыбызда, биринчиден, абдан парадоксалдуу болсо, экинчиден, эң эле эффективдүү. Аны карандай адабий шарттуулук катары кабыл алса да болот. Бирок,  башка  жагынан  караганда,  анда кантсе да илимий чындыктын белгилүү үлүшү камтылган. Генетика жана жашоо-өмүрдүн купуя сырларына чектеш бул чындык илимдин азыркы деңгээли, теориялык-практикалык  кызыкчылыктары  менен кадыресе үндөшүп, биздин оюбузча, чыгарманын адис-кесипкөй окурманга таасирин күчөтүп турат. Адам табиятынын тышкы жана ички кубулуштарынын ортосундагы билинер-билинбес, бирок радикалдуу байланыштарды ушундай баамдап-байкап, О.Стэплдондун деңгээлиндеги визионерликке тете идея-гипотеза-символ жаратуу чындыгында да ири интеллектуал чоң жа-зуучунун гана колунан келет. (Стэплдон “Акыркы жана алгачкы адамдарында” жер цивилизациясынын психикалык-маданий өнүгүү деңгээли менен жер – ай ортосундагы гравитациялык талаанын байланышын белгилейт). Бул фантастикалык идея менен чыгармадагы сюжеттин гносеологиялык ажырагыс байланышы аркасында романда баяндалган тарых-таржымал «эсхатологиялык» курч мүнөзгө ээ болот. Бирок коом-чулук (масса) космостук монахтын илимий ачылышына антиутопиялык кыязда реакция кылганына, көркөмдүк өзгөчөлүгү боюнча роман притчага көбүрөөк жакын экенине карабастан, кантсе да, “Кассандра тамгасы” менен илимий фантастика ортосунда окшоштук бар. Биздин оюбузча, бул илимий фантастиканын адабиятка таасири артып баратканын кабарлайт. Ушундай болорун убагында “Илим жана илимий фантастика” аттуу макаласында И.Ефремов айткан эле. Ал эми Айтматов болсо, Ефремовдон айырмаланып, чыгармасында илимди жаратман күч, эволюциянын позитивдүү фактору катары карабайт.

Акырында айтарыбыз, “Кассандра тамгасы” романы, эгерде Филофейдин андагы узун сабак сыр ачуу-эпилогу болбогондо, бардык жагынан кыйла утушта болмок. Өзүнчө алганда көңүлгө татырлык болсо да, арийне, эпилог чыгарманы түбөлүктүү философиялык-символдук кыл чокулардан абсурд кыязындагы тез эскирүүчү саясый памфлет деңгээлине түшүрүп койгон.

Филофейдин (окумуштуу Андрей Андреевич Крыльцовдун)  образы  өмүр бая нынын деталдары менен толукталганына карабастан, кандайдыр  майдаланып,  өзүнүн кайталангыс  мүнөзүнөн,  чулу бүтүндүгүнөн жана психологиялык аныктактыгынан айрылып калган. Гениалдуу окумуштуу өзү кылган иштеринен капыстан эле үрөйү учуп үркүп, кескин түрдө жүз  үйрүп  кетет.  Автор  анти идеал ды сүрөттөөгө көбүрөөк азгырылып кеткени байкалат. Калганын айтпаганда да, тексте стилистикалык ажырым пайда болгону ачык көрүнүп турат…

Андыктан  романдын  айланасында  өз  кезинде  кызуу талаш-тартыш  келип  чыкканы таң калыштуу эмес. Ал талкууларда чыгармага оң да, терс да баалар берилген: Айтматовдун жаңы романын Г.Гачев (Гачев Г.Задумавшийся скиф и кос-мический монах // Свободная мысль. 1995. № 8), С.Семенова (Семенова С. Конец света заключен в нас самих // Свободная мысль. 1995. № 8), В.Коркин (Коркин В. Догма и ересь // Ли-тературная газета. 1995. № 4.) жана башкалар жогору баалашкан; ага карата В.Бондаренконун (Бондаренко В.Чингиз, не помнящий родства// Наш совре-менник 1995. № 4.) курч сын макаласы да чыккан. Анда автор  Айтматовду  өзүнүн  мыкты  чыгармаларын  жаратууга өбөлгө болгон өз традицияла-рына чыккынчылык кылды деп айыптаган.

Бирок,  кандай  болгон күндө да, “Кассандра тамгасы” –  жазуучунун  чымырканган чыгармачылык жана машакаттуу турмуштук жолунун туун-дусу. Ч.Айтматовдун көптөгөн сөздөрүндө,  интервью,  маек-теринде адам, анын келечеги, жашоо-турмуш жагдайы жана мүлдө аалам тагдыры үчүн санааркап толгонуу темасы аларды  кызыл  сызыктай  тепчип өтүп  турат.  Ал  дайыма  “адабият,  искусстводон  көп  нерсе көз каранды” деп эсептеген: “Адамда  абийирдүүлүк,  эрк-кайраттуулук, гуманизм сези-мин ойготуп, ал – адам экенин, анын  руханий  санаа-сезими –  биздин  планетада  жашоо-турмуштун башкы факторлорунун бири экенин унутпас үчүн анын алдына бүт ааламды ачып берүү керек” (Айтматов Ч. Статьи, выступления, диалоги, интервью. М., 1988). Жазуучунун бүткүл чыгармачылык жолу – адамга, анын акыл-эсине, эрки-не жана жакшылыкка ишенимди бекемдөө болду.

Анын алгачкы чыгармаларына көтөрүңкү-романтикалык патетика жана поэтикалык лиризм мүнөздүү. Алардын каармандары  –  турмуштан  өз  ордун, өз озуйпасын издеген жаш адам. Чыгармачыл ишмердиги кыйла баралына келген кезинде Айтматов бара-бара өз чыгармаларынын мазмундук негизин тереңдетип, көркөм туюндуруунун сапаттык жаңы деңгээлине көтөрүлөт.  Биринчиден,  ал “акыл-эстин уюткусу”(Айтматов) катары мифке кайрылып, адамзаттын көп кылымдык тажрыйбасы  аркылуу  азыркы  доордун  көйгөйлөрүн  көрсөтүүгө аракет кылды. Экинчиден, биз анын түпкү тамырында улуттук традициялар  менен  дүйнөлүк адабияттын тажрыйбасын айкалыштырган  жаңы  типтеги философиялык  романдарына  күбө  болдук.  Айтматовдун чыгармачылыгы социо-натур-космизмден экзистенциализмди карай багытталган бир катар өзгөрүүлөрдөн өттү.

XX  кылымдын  башында, дүйнөлүк согуштар менен рево-люциялар доорунда ойчул элитанын  алдына  адам  көйгөйү, анын жашоо-турмушунун маани-маңызы жөнүндө маселе курч коюлган тушта туулган экзистенциализм философиясында инсандын жашоосу ашкан метафизикалык драма жана айласыз индивидуалдуу трагедия катары аңдалып каралат. Гуманизмдин кризиси учурунда экзистенциалисттер абдан абстрактуу деп эсептеп, атайын-философиялык мүнөздөгү онтологиялык жана гносеологиялык проблемаларды артка жылдырып, негизинен адам реалдуулугу фе-номенин изилдөөгө, философи-ялык антропология жаратууга киришет. Адам менен дүйнөнү экзистенциялык көз караштан аңдоодо алар көркөм адабиятка  да  көп  көнүл  бөлүшөт  (Ж. П.Сартр, А.Камю ж.б.).

Айтматовдун ойтолгоолорундагы экзистенциялык негиз дал ушул парадигмадан келип чыгат жана ал адам менен ааламдын  азыркы  абалынан,  доордун өзүнүн катаклизмдеринен улам туулган. Анткени адамзат цивилизациясы өз тарыхында азыркыдай алдына акыр кыямат коркунучу айкүрүнөн коюл ган абалга эч качан кабылган эмес. Ошон  үчүн,  Ч.Айтматов  даанышман жазуучу катары ушундай  апокалипсистик  алаамат алдында адам өмүрүнүн жана жашоо-турмуштун өзөктүү ма-селелерин  чечүү  аракетинде «эсхатологиялык”  маанайда, интеллектуалдык-фи лософия -лык мүнөздө ой жорууга аргасыз да, милдеттүү болгон.

Калык ИБРАИМОВ, философия илимдеринин кандидаты, СССР жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты