Бишкек шаарынын прокуратурасынан жооп келди

«Кыргыз Туусу» гезитинин редакциясына маалымат:

Сиздердин, “Кыргыз Туусу” гезитинин 2018-жылдын 22-июнундагы №47-санына жарыяланган “Мэриядан жооп келди. Мамархитектура жоопту неге кечиктирүүдө” деген макаласы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы (мындан ары — КМККБ) тарабынан 2005-жылы өткөрүлгөн тоорук-сооданын жыйынтыгы менен “Эрбак” ЖЧКсы жеңүүчү болуп табылып, Бишкек шаарынын Ала-Тоо жаңы конушуна 754 орундук мектеп курула баштаган.

2008-жылы мектептин көлөмү чоңойтулганына байланыштуу (1200 окуучуга ылайыкталган) “Эрбак” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, экинчи ирет тоорук өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү болуп, “Строй-Текс” ЖЧКсы табылып, келишим түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2012-ж. №09-90-12860 сандуу тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2012-ж. №391-р. 01.02.2013-ж. №24-р тескемелеринин негизинде, куруу иштерин уюштуруу КМККБнан алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине берилген (мындан ары — Мамкурулуш).Андан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.05.2013-ж. №2299 “Бишкек шаарында 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республи-касында  мектеп  куруу  жөнүндө  макулда-шууну жана бул макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2013-жылдын 11-апрелинде Астана шаарында кол коюлган протоколду бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, курулуш жүргүзүү иштери “СМУ-3” ЖЧКсына бе-рилген. Келишимге ылайык, дагы 500 окуу-чулук орун кошулган.

Жалпысынан 2005-2015-жылдары мектепти салууга 243 392,7 миң сом сарпталган, анын ичинен Мамкурулуш боюнча 162 843,8 миң сом жана КМККБ боюнча 80 548,9 сом.

Макалада  көрсөтүлгөн  жагдайларды изилдөө үчүн, Мамэкотехинспекция тарабынан 2018-жылдын 12-мартында комиссия түзүлүп, мектептин пайдубалын карап жана 1-кабаттагы полдорду ачуу учурунда (2-блок, ашкана, жана башка бөлмөлөрдө) суу каптагандыгы аныкталган. Ошонун негизинде, подряддык мекеме “СМУ-3” ЖЧКму мектептин ички жумуштарын калыбына келтирүү иштерин жана пайдубалдын чөгүүсүнө түрткү болгон себептерди аныктоого,  аларды  оңдоп-түздөө милдеттенмесин  толугу  менен алган.

Комиссиянын маалыматына ылайык, мектептин 1-кабатындагы бөлмөлөрүнө суунун кириши, канализациялык системанын туура эмес иштеши алгачкы себептер болгондугу аныкталган, себеби бул системалар адепки долбоор боюнча 754 окуучуга, ал эми кийинки өзгөртүүлөр менен 1700 окуучуга ылайыкташтырылган. Изилдөөнүн негизинде  жеринен  Мамэкотехинспекция  менен биргеликте  тиешелүү  акт түзүлгөн.

Ошол  эле  учурда, Мамкурулуштун  алдындагы “Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик  долбоорлоо мамлекеттик  институту-нун кызматкерлери тарабынан  изилдөө  иштери жүргүзүлүп, төмөнкүлөр аныкталган: мектептин не-гизги түзүлүштөрү бузулган эмес жана аларды күчөтүүнүн кереги жок;

окуу процессин калыбына келтирүү боюнча иштери жүргүзүлүп жаткан бөлмөлөрдөн тышкары изилдөө жана калыбына келтирүү иштерин улантууга болот; канализациялык системасын толук текшерүү жүргүзүп, аны тазалоо керектиги көрсөтүлгөн.

2018-жылдын 21-майындагы Мамкурулуш жана “СМУ-3” ЖЧК комиссиясы тарабынан кабыл алуу-өткөзүү боюнча түзүлгөн актысына ылайык, мектептин пайдубалдары, 1-кабаттын полдору (2-блок, ашкана, жана башка бөлмөлөрдө) жана канализациялык системалары подряддык мекеме тарабынан ремонттолуп, оңдоп-түздөлүп толугу менен бүткөрүлгөн.

Мамкурулуштун маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн ремонттук, оңдоп-түзөө жумуштарына “СМУ-3” ЖЧК тарабынан (өзүнүн каражатынан) 10 773,0 миң сом жумшалган.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Р.АЛЬЧИЕВ

 

РЕДАКЦИЯДАН: Арадан 5 айдан соң, редакцияга Бишкек шаарынын прокуратурасынан жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен гезитке жарыяланган макалаларга жооп келген экен. Жогоруда шаардык прокуратуранын жообун жарыяладык, ал эми аталган агенттиктин жообу куду эле Бишкек шаардык прокуратура берген жоопко үндөш жана расмий тилде болгондуктан, ал жоопту окурмандарды кыжалат кылып, жарыялоону туура көргөн жокпуз.

Маселе редакциянын кат куржунуна келген жоопто же аны гезитке жарыялоодо эмес. Биз Бишкек шаардык прокуратурасынын да, мамагенттиктин жообуна да ичибиз чыкпаганын ачык айтып коюшубуз керек. Шаардык прокуратуранын жообунан “Эрбак” жана “Строй Текс” ЖЧКлары тууралуу суроолорго жооп таба алган жокпуз. Себеби, Ала-Тоо конушундагы мектептин курулушунун айланасындагы чырлуу маселе далай ирет Бишкек шаардык кеңешинде көтөрүлүп, шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов курулуш ишиндеги коррупция жөнүндө далай жолу айтканы эсибизде турат.

Ошондон улам, биз “SOS! Бишкек. “Ала-Тоо” конушу. №82-мектеп. Ким күнөөлүү?” 2018-ж. 20-март. №21 (24218) аттуу макалада “Эрбак” жөнүндө эмнелерди билебиз?”деп илептүү суроо коюп, Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы менен “Эрбак” ЖЧКсынын ортосунда “Ала-Тоо” конушунда мектеп куруу тууралуу түзүлгөн келишимге ылайык, аталган курулуш компаниясы 2005-2008-жылдарда 4 802 724 сомдук жер пайын түптөө иштерин аткарганы, би-рок ошол мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга караганда курулуш иштери тартип бузуулар менен коштолгону, дегеле сырттан караган адамга курулуш баштала электей элес калтырганы тууралуу айта келип, “мектеп үчүн бөлүнгөн каражат бармак басты, көз кысты болуп кеткен сыяктуу”, ошол жылдарда “Эрбак” ЖЧКсы бир топ чуулгандуу иштерге катышы болгондугу тууралуу маалыматтар бар деп баса белгилегенбиз. Эгер, шаардык прокуратура кызыкса, “Эрбак” ЖЧКсы тууралуу далай кызыктуу факт таап чыкмак. Ал эми “Строй Текс” ЖЧКсы тууралуу айтсак, бул фирма Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы менен “Строй Текс” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде аталган курулуш компаниясы 2008-2012-жылдардын аралыгында шаардык бюджеттин акча каражаттарынын эсебинен 61 156 457 сомдук курулуш-монтаждоо иштерин аткарган. Бирок, канча миллион сомго аткарганын бир Кудайдын өзү билет, 2013-жылы КР Эсептөө палатасы тарабынан 7 532 900 сом өз максатында пайда-ланылбаганы жана уурдалганы аныкталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокурату-расы тарабынан иш козголгону белгилүү. Арийне, иш аягына чыктыбы, күнөөлүүлөр жаза-сын алдыбы, ал тууралуу маалымат жок. Шаардык прокуратуранын жообунан бул суроого да жооп ала алган жокпуз.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жообун үйүнө келген мейманды “иттен” чыгарып койгондой эле мамиледей карасак болот. Болбосо, Ала-Тоо конушундагы мектептин авариялык кептелешине ушул маммекеме түздөн түз жооптуу жана күнөөсү бар экени эч кимге жашы-рын эмес. Мамлекеттик бюджеттен 67 миллион короп жатса, ал да аздык кылып, Казак-стандын президенти мектепти бүтүргөнгө кошумча каражат берип жатса, анан эки элдин достугу даңазаланып салынган мектеп арадан эки жыл өтпөй авариялык абалга келсе, а ошонун баарына түздөн түз көзөмөл кылган мекеме эч нерсе болбогондой, акчыланса, күнөөлүү кишилер жоопкерчиликке тартылбаса, муну кандай түшүнсө болот?!.