Таласта ак үйдүн тегереги апакай, а калганычы?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Талас шаарында борбордук аянттын тегереги, И.Сарыгулов көчөсү гүлдөр өстүрүлүп тосмолор коюлуп, колонна түрүндөгү карагайлар отургузулуп, көзгө сүйкүмдүү болуп калды.

Ч.Айтматов көчөсү болсо Талас – Суусамыр жолу өткөндүктөн, республикалык каржылоо менен бир топ көркүнө чыкты. Бирок күз келсе дагы тротуарлар чеке жылытаарлык курулбады. Аны көзөмөлдөп коңгуроону кагып, тынчсызданган бир жетекчи жок. Бир-эки айдан соң күн сууп, асфальт төшөөгө болбой калат. Азыр ачыгы ачык, чачыгы чачык жатат. Бирок Талас шаары жалаң эле Ак үйдүн тегереги же болжолдоп айтканда 500х500 чарчы метр аянт эле эмес да. Шаар чиновниктери шаар дагы борбордук көчөлөрүнүн бири — Бердике баатыр көчөсүндөгү көрүнүштү дегеле көрбөгөндүктөрү таң калтырат. Чубак Сатаев көчөсүнөн тартып, чыгышты карай өрдөгөндө жол жээгиндеги жапайы чөп, куурайлар атайын айдап койгонсуп жыш, оолжуй бадалдай ыргалат.

Ошентип күз келди. Жаз алды менен тирелген жапайы куурай, чөптөрдү шаардык бийлик чаптырып, же ошол тегеректе жашагандарды ишембиликке чыгарып, албады. Бул көчөнү карап туруп шаардыкы деп айтууга ооз барбайт. Өзгөчө Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тушундагы мурдагы кийим тигүү фабрикасынын алдында жапайы чөптөр “көйкөлөт”. Шаар мэриясы ШИИБнын жетекчиси А.Акматовго бир ооз айтса 70-80 кызматкери бар милиция бөлүмү 15-20 мүнөттө жок кылмак.

Ыйгарым өкүлчүлүктөн деле тиешелүү чиновниктер мэрияга телефон шыңгыратып коюшса дурус болмок. Мурда шаардын ушундай терс көрүнүштөрүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Ч.Төрөкулов, мэрия, комхоз баарынын тынчын алып, далай кемчиликтерди тез четтетип койчу. Чолпон Асылбекович Бакай-Ата районуна аким болуп кеткен соң Талас шаардык мэриясы камырабаган, бейгам жашоого өткөн сыяктанат.