Ажайып боектор дүйнөсүндөгү Үч-Эмчек айылы

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Талас районундагы Үч-Эмчек айылы өзгөчө кооз, чокулары асман тиреп, булуттарды челип, үч капчыгайдан аккан мөлтүр кашка суусу көк жайыкка бириккен, адыр-белестери айтылуу армян сүрөтчүсү Сарьяндын чыгармасындай кол менен жасап койгондой өзгөчө. Мисалы, Кууганды өзөнүндөгү мазарлуу Кызыл-Чоку, Эки- Ачакей, Кур -Таш тоолору көргөн адамды таңгалдырып суктандырбай койбойт. Согон, балдыркан, чүкүр белден буралып, куштар байырлаган бадалдар да арбын.

Алтын балалык

Бала кезде Кууганды капчыгайынын балыктарын кармап, андан соң Чөңөргө жөө жалаң балык уулап кеткен күндөр да болду. Тоолордун бийиктигинен чокуларына чыкканда жүрөгүң оозуңа кептелет, бүткүл Талас өрөөнү алакан отундай эле көрүнөт.

Көрүнүшү  өзгөчө  тоолорго  суктанып жүрүп 11-12 жашымда сүрөт өнөрүнө баш отум менен киргенимди байкабай калдым. Райондук, ж.б. жактардан диплом, грамоталарга ээ болдум. Азыркы көрүнүктүү сүрөтчү, классташым Жаныбек Рай экөөбүз атаандашып сүрөт тартып, дилбаян жазчубуз. Манас ата баш болгон баатырларды көп тартчу элем. Ал сүрөттөрүмдүн айрымдары алигече үйдө сакталуу. Кээде карап, бала чакты эстеп, кайрадан кисти кармагым келип кетет.

Кийин 9 -же 10- класстан беле, Жаныбек экөөбүз мектептин өздүк көркөм чыгармачылыгына туурасы 4-5 метрдей, бийиктиги 2 метрдей “Кур-Таш” тоосу чагылдырылган айыл пейзажын тартып, мектепке тартууладык. Мен аскерге кетип, кийин КМУнун журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Бирок аскердик кызматымда 2 жыл бою Лениндик кабинеттерди жасалгалап, клубдарды жасалгалоо ишине катышып, сүрөтчүлүк милдетти аткардым.

Бирок ышкы көкүрөктө жашай берди

Аскерден келип, университетте окуп жүргөндө, 80-жылдардын этегинде Жаныбектин устаты, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев экөө узанган айтылуу залкар инсан Сүймөнкул Чокморовдун, азыркы Жеңиш аянтындагы чеберканасы-на көп барып турдум. Залкар адамдар менен кээде чай ичишип, чыгармачылык тууралуу сырдашчубуз. Ошол 80-жылдарда эле Жаныбек Райдын аты алыска угулуп, атагы чыга баштады. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, экс-президент Роза Отунбаева, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев ж.б. катышкан көргөзмөлөргө мен да катышып, классташымдын ийгилигине чексиз кубанып жүрдүм. Анын ийгилигин өзүмдүкүндөй көрчүмүн. Себеби, экөөбүз Үч-Эмчек айылынын көркөм дүйнөсүнө ширелген, темир канат каккан ка-рылгачтары элек да. Жаныбектин ошол кез-де чоң резонанс жараткан “Мурас”, “Көкөй кести” , “Мен адаммын” деген көркөм полотнолору жаралып, ал картиналар Москвадан чыкчу “Юность” журналына чагылдырылган. Жаныбектин ал чыгармаларынан дайым туулган жердин касиетин, элет элинин улуу философиясын, улуттук улуу духту сезип турчумун. Сыягы ушул касиеттер Чыңгыз Айтматовдун да көңүлүн өзүнө буруп, ага өзгөчө бийик баасын берсе керек. Жаныбек менен болгон чыгармачыл байланыш дээрлик үзүлгөн жок. Болгону ал Түркияда беш жыл жашаган жана Европада чыгармачылык менен жүргөн жылдары гана байланыш тыгыз болбоду.

ЮНЕСКОГО жол Таластан башталган

Ошентип,  “Манас”  үчилтигинин ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктарына каттоодон өткөрүү сессиясында көргөзмөгө коюлган “Көкөтөйдүн ашы”, “Каныкейдин Тайторуну чабышы”, “Абыке Көбөш” көркөм полотнолору Талас жергесинде жаралды.

2008-жылы  Жаныбектин  жогорудагы полотнолор боюнча эскиздерин көрүп, чыгармаларды ишке ашыруу боюнча аракеттерди жасадык, ал кездеги биринчи вице премьер-министр Искендер Айдаралиев колдоо көрсөтүп, буйрук да чыгарып берди. Бирок финансы министрлигинин жасалма тоскоолдуктары ал мүдөөбүздү тушап койду.

2009-жылы Таласта губернатор болуп иштеп турган Бейшенбек Болотбековго кирип, Манасты көркөм полотного тартуу боюнча долбоорду түшүндүрсөм, зирек жетекчи демилгени колдоду. Бишкекте туруктуу жашап жаткан Жаныбекти Таласта чыгармачылык менен иштөөгө көндүрүп, Таластагы “Интурист” мейманканасына жайгаштырдым. Мейманкана акысы жана тамак аш боюнча Бейшенбек Болотбеков өз камкордугуна алды. Алгачкы иштер башталды, бирок иштин ойдогудай жүрүшүнө дагы кошумча колдоо зарыл эле.

Ушул ой мээмди көзөп, кыжалат сезим менен жүргөнүмдө Манас Ордодогу иш чарага катышууга келген коомдук ишмер Карганбек Самаковго күтүүсүздөн жолугуп демилгени 15-20 мүнөттөй түшүндүрдүм. Ал колдоо көрсөтүүгө убада берип, сүрөтчү Жаныбек Райды тааныбастыгын, бирок таанышууга макул экендигин айтты.

Ошентип эки ай өткөн соң убадалар аткарылып, жогоруда аталган көлөмдүү полотнолорду ЮНЕСКОнун жыйынына даярдоо боюнча өтө машакаттуу, өтө түйшүктүү иштер жүрүп кетти. Тагыраак айтканда, өзүнчө эле чоң көркөм фильм тарткандай машакат иштерди жасоого туура келди. Талбаган эмгек үзүрүн берип, 2013-жылы Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн ЮНЕСКО уюмунун жыйындагы көргөзмөдө ал көркөм полотнолорду 200дөй өлкөнүн 100гө чукул адамдары көрүп суктанышты.

Ал жыйында “Манас үчилтиги” адамзаттын материалдык эмес баалуулуктарынын тизмесине түбөлүк катталды. Балалык чыгармачылыктар ЮНЕСКОго – ааламга чыйыр салгандай болуп, Жаныбек экөөбүз чексиз кубандык.

Айтматов суктанган айыл сүрөтчүлөрдүн делебесин козгоду

Улуу гуманист, ойчул, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында республикалык көргөзмөнү уюштурууну жакында Жаныбек Рай экөөбүз ишке ашырдык. Бул иште КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана «Бакубат Талас» фондусу колдоо көрсөтүштү. Чакан каражатка эң сонун көргөзмө уюштурулганына экс-президент Роза Отунбаева, Казакстандан келишкен сүрөтчүлөр Шимбаев Нурлан, Шаржанов Аранши, Палымбетов, Еркали, Касымбек Мелдехан Уэлихан уулу ж.б. коомчулуктун өкүлдөрү жогору баала-рын беришти.

Кыргыз  эл  сүрөтчүсү  Сүйүнтбек  Төрөбеков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер   Кадыркул  Орозматов,  белгилүү сүрөтчүлөр Жаныбек Рай, Сапарбай Осмоналиев, Шекербек Анарбеков, Жолдошбек Казакбаев, Малабек Бүтөшев, Абдысадыр Турусбеков ж.б. чыгармачыл топ улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Талас өрөөнүндө 15 күн бою иштешти.

Анын эки акыркы күнү Үч-Эмчек айылында эмгектенип, ондогон эскиздерди эргүү менен жаратышты. Айылдын өзгөчө кооздугуна маашырланышып, айрымдары: “360 градус тегеренип, бардык тарапты сүрөткө тарта берүүгө болот”, – экен деп жатышты. Талас телерадиокомпаниясы, республиканын телекомпаниясы сүрөтчүлөр менен маектешип, репортаждарды уюштурушту. Кечкурун Жаныбек экөөбүз бала кезде сүрөт тарткан, үйдө чакан көргөзмө уюштурулуп, ал иш чарага ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мурата-лиев да катышты.

Үч-Эмчек  айылынын  ажайып  көрүнүштөрү сүрөтчүлөрдүн көркөм боектору менен ого бетер ажарына чыгып, өзүнчө эле галереяга айланганын көрүп, Жаныбек экөөбүз төбөбүз көккө жеткендей сүйүндүк. Бала чакта биз сүңгүп кирген көркөм дүйнө кайрадан уланып, башка бийиктикте, башка өңүттө, масштабда өнүгүп өсүп жатканын сүрөтчүлөр менен чай үстүндө отурганда белгиледик.

Казак сүрөтчүлөр тамаша-чындан: “Жериңер керемет экен, биротоло көчүп келүү керек экен”, – дешти. Баягы Жаныбек экөөбүздү сүрөтчү кылган, өзгөчө калдайган калкагар тоо, моюбас күчтүн сүрүн берген Кур-Ташты көп сүрөтчүлөр полотного эргип тартышты.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1963- жылы Лениндик сыйлыкты алган соң алгачкылардан болуп, биздин Үч-Эмчек айылына Сүйүнбай Эралиев, Төлөн Шамшиев менен бирге келип конок болгонун филология илимдеринин доктору, байкебиз Курманбек Токтоналиев айрым басылмаларга жарыялаган, мен репортаждан үзүндүлөрүн окуп бердим. Чыңгыз Айтматовду биздин айылдаш, чоң атабыз Сүйүнбай Эралиев ошол кездеги курдаштары Кайыпбай Акаев, Сүйөркул Чондиев менен биргеликте тосуп, Кууганды коктусундагы Кызыл-Чокунун жанындагы токой ичиндеги жашыл майсаңга дасторкон жазып, даам сыздырганы ал макалада баяндалган.

Чыңгыз атабыз өмүрлүк жубайы Керез эне, уулу Санжар менен келип айылга конок болуп кеткени али эл оозунда айтылып келет.

Курманбек байкем белгилегендей, орус эли улуу акын А.С.Пушкиндин ар бир кадамына чейин изилдеп чыгышкандай, биз дагы Чыңгыз Айтматов келкели келип, ааламды дүңгүрөткөн, күндөрү, өмүрүнүн эң жаркын көз ирмемдерин өткөргөн учурга биздин айыл да ортоктош болгонуна сыймыктанабыз. Эстен чыкпаса Сүйүнбай атабыз ошол 60-жылдарынын башында “Жылдыздарга саякат” деген өзгөчө новатордук өтө күчтүү көркөм чыгармасын жаратып, Чыңгыз Айтматовдон улуу акын деген бийик баасын алган жылдар болчу.

Балким  көркөм  сөздүн  улуу  устаты, КР Баатыры, залкар акын Сүйүнбай Эралиев  атабыз  да  туулган  жери  Үч-Эмчек айылынын  жаратылышынын  кооздугуна суктанып, чыгармачылык ышкысы ойгонуп, акындыкка, ааламдык мейкиндикке беттеген чыгар.