25-майга карата аба ырайы

25-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16 күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16 күндүз 23…28

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 13…18  күндүз 25…30

Ысык-Көл областында түнкүсүн 8…13 күндүз 22…27

Нарын областында түнкүсүн 6…11 күндүз 23…28

Бишкек шаарында 25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы  түнкүсүн 14…16 күндүз 26…28 градус болот.

Булак: © Кыргызгидромет