Аалам маданияты айкалышкан Кырчын жайлоосу

Темирбек АЛЫМБЕКОВ “Кыргыз Туусу”


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстандын аалам маданиятына кошкон чоң салымы болуп калды деп айтсак аша чаппайбыз. Кийинки Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын атайы ат арытып келип, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын алып кетиши айтканыбызды тастыктап турат. Ошондой эле бул жолу ааламдын 67 өлкөсүнөн жана Россиянын 11 субъектисинен келип, программада белгиленген спорттун 37 түрү боюнча мелдештерге катышып жатышы, мезгил өткөн сайын Көчмөндөр оюндары дүйнө элдеринин көңүлүн буруп, аброю артып баратканынын далили. Дүйнөлүк деңгээлдеги бул иш-чараны 58 өлкөдөн келген 500дөн ашуун чет өлкөлүк журналисттердин (анын ичинде 50 телеканал, 12 радио, 67 маалымат агенттиктери, 48 гезит, 50 блогер бар), мындан тышкары Кыргызстан ЖМКларынын 700дөн ашык өкүлдөрүнүн чагылдырып жатышы да көп нерседен кабар берет.

Көчмөндөр оюнундагы маданият диалогу

Ааламда албан түрдүү калк жашайт. Ар бир элдин тарых-тамыры, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук оюндары, кийимдери, кол өнөрчүлүгү, музыкасы, жалпы эле адамзат цивилизациясынын кайталангыс маданияты болуп эсептелет. Ушул жагынан алганда Кыргызстандын демилгеси менен ааламга сапар алган Көчмөндөр оюндары өтө уникалдуулугу, дүйнө элдерин жакындаткан жаратмандыгы менен айырмаланат.

Мындан улам III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну-нун расмий ачылышында оюнга катышуучулардын параддан өткөн учурун эсиңиздерге сала кетсем. Баарыбыз байкагандай оюнга катышуучулардын өңү-түсү, кийген кийимдери башкача, бирок жаркыган маанайы, көкүрөгүндөгү көксөгөн тилектери бир. Аалам эл-деринин башын бириктирген, түрдүү маданиятты чагылдырган Көчмөндөр оюнунун идеясы, максаты да ушул болчу. Муну маданий диалог деп да жүрүшөт.

Касиеттүү “Хан ордо”

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун масштабы ушунчалык кеңири. Оюндар Чолпон-Ата ипподромунда, Бактуу-Долонотудагы Кыргызстанга “Газпром” компаниясы салып берген, эң мыкты үлгүдөгү Дене тарбия комплексинде, айтылуу Кырчын жайлоосунда өтүп жатат. Канатың болуп эле учуп жүрбөсөң баарын чагылдырып бергенге чамаң да жетпейт экен. Андыктан өзүм күбө болгон Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун алкагындагы маданий-спорттук иш-чаралар тууралуу кеп кылайын.

Бул  күндөрү  Кырчын  жайлоосу  дүйнөлүк  маданияттын кайнаган жерине айланды десем ашык сөз болбос. Кылым карыткан кыргыз элинин каада-наркын, салтын, маданиятын, өнөрүн, кала берсе байыркы мамлекеттүүлүгүн дал ушул Кырчындан көрөсүң. Айталы ортодогу “Хан ордону” 7 облустун ордо-лору курчап турат. “Хан ордо” Кырчындын карагайлуу тоосунун этегине курулуптур. Ортодо келишимдүү жүз канат боз үй, анын алдында сах-на иретинде салынган таш менен көтөрүлгөн тек-че, бет маңдайында көрүүчүлөр отура турган, үстү калкаланган жай.

Көчмөндөр оюнунун алкагындагы негизги маданий иш-чаралар,  ушулжерде өтүп жатат. “Сармерден”, “Боз үй тигүү” конкурсу, Эл аралык казак-кыргыз акындар айтышы ушул “Хан ордодо” өттү. Баса, кыргыз -казак айтышынын Кырчында өткөн 12-айлампасында адаттагыдай кош байге коюлуп, байге фондусу 2 млн.сомду түздү. Казак акыны Максат Аканов менен кыргыз акыны Асылбек Маратов баш байгени багындыры-шып, ар бирине 200 миң сомдон ыйгарылды.

Облус ордолору

Ал эми 7 облустун, Бишкек жана Ош шаар-ларынын ордолору сыртынан караганда боз үйлөр тигилип тургандай болгону менен ички түзүлүштөрү, ордо дарбазалары дээрлик бир-бирине окшобой өтө оригиналдуу жасалгаланган. Айталы, Нарын облусунун ордосун абдан чоң жасалган ко-муз жана ак калпак көркүнө чыгарып турса, Баткен облусунун ордосун элдин өткөн турмушун чагылдырган тамдар өзгөчө көрсөтүп турат. Айрымдары боз үйлөрдүн сыртына килем тартып келиптир. Бу да башкача көрүнөт экен. Бул ордолордо кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн, улуттук кийимдерин, ат жабдыктарын, улуттук тамак-аштарын даңазалаган көргөзмөлөр коюлуп, айрыкча чет элдик меймандарды өзүнө тар-тууда. Жалпы алганда Кырчын жайлоосунда миңден ашуун боз үй тигилип, ордолордон тышкары 12 ча-кан шаарча уюштурулган.

Этнобазар – байыркы замандын күзгүсү

Кырчында уюштурулган Этнобазар өзгөчө сөз  кылууга  арзыйт.  Көчмөндөрдүн байыркы турмушун чагылдырган төрт дарбазалуу бул этнобазарга киргениңде, өзүңдү бери болгондо орто кылымдарды аралап жүргөндөй сезесиң. Белгилей кетүүчү нерсе этнобазарга кол эмгегинен гана чыккан буюмдар чыгарылган. Этнобазарга “Чыгыш”, “Батыш”, “Кытай дарбазасы”, “Көчмөн элдердин дарбазасы” аталган дарбазалар аркылуу киресиң. Аныгында бул жерден көчмөндүн тирлигине тиешелүү буюмдардын бардыгын табасың. Ар түрдүү улуттар өз товарларын жайып коюп отурушу чындыгында эле уникалдуу көрүнүш болду. Же болбосо Кырчын этнобазарына 11 өлкөдөн келген 500дөй сатуучу өз соодасын кылып, ар кандай элдердин өз тилинде сүйлөгөн сөздөрү, алардын улуттук кийимдери, ойго келбеген, эзели атын укпаган тамак-аштары таң калтырбай койбойт. Ал эми Кырчында маданий иш-чаралардан тышкары, Салбуурун оюндары өтүүдө. Бул тууралу эмкиде кенен сөз кылабыз.