Союзбек НАДЫРБЕКОВ, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча катчылыктын координатору: «Кырчын жайлоосу биздин той үчүн жасалгалангандай сезилди»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда, Кырчын этно-шаарчасында Союзбек жана Айжаркын аттуу эки жаш XIX кылымдагы кыргыздардын салты боюнча баш кошушту. Алардын үлпөт тоюна күбө болгон коноктор, алгач театралдаштырылган оюн экен деп ойлошкон. Бирок, чыныгы той экенин түшүнгөн күбөлөр, жаш жубайларга алакан жая бата берип, кең келечек, бакубат турмуш каалашты. Мына ушундай өзгөчө тойдун башкы каарманы – Союзбек Надырбеков “Кыргыз Туусуна” учурдагы сезимдери, ойлору менен бөлүштү.

– Союзбек, куш бооңор бек болсун! Ылайым бактылуу болгула!

– Рахмат.

– Кырчында жана XIX кылымдагы салт боюнча баш кошуу идеясы кайдан жаралды?

– Негизги идеяны Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору – Аскат Акибаев берди. Уюштуруу иштери менен сүйлөшүп отурсак: “Баарыңар бойдоксуңар, ушундай чоң масштабдагы той болуп жатканда бирөөңөр үйлөнүп албайсыңарбы. Жети дубандан келген элдин батасын аласыңар”,-деп калды. Баарыңар бойдоксуңар деген себеби, катчылыкта чындыгында эле жалаң бойдоктор жана жалаң жаштар иштейбиз. Өзүмчө ойлонуп, ичимден ким эле макул болсун деп койгом. Бир күнү катчылыктын жетекчиси Нурсултан Адынов чакырып калды. Барсам: “Союзбек, биз сени Кырчында үйлөнтөлү деп жатабыз”, – деди. Алгач күлкүм келип, мен силерге эксперимент белем деп болбой койгом. Бирок, элестетип көрсөм эң сонун болчудай экен. Калың элдин батасын алганымды ойлоп макулдугумду бердим. Айтор бул идея көпчүлүктүн колдоосун тапты. Себеби, биз көчмөндөр оюндарына келген чет элдик меймандарга XIX кылымдагы кыргыздардын кыз узатуу, келин киргизүү салтын театралдаштырып көрсөтүп беришибиз керек болчу. Ошентип, көпчүлүктүн күүсү менен, көпчүлүктүн колдоосу менен чыныгы той аркылуу өткөн кылымдагы салт-санаа, ырым-жырымдарды чагылдырып бердик.

– Айжаркын мындай сунушту укканда кандай кабыл алды эле?

– Ал макул болгон. Бирок, кандай болоорун каякта болоорун түшүнгөн да, элестеткен да эмес. Тойдон бери кубанычта экенин айтып жатат.

– Негизи быйыл үйлөнүү планыңда бар беле, же сени ДКОнун катчылыгы эле бир иштен эки иш деп үйлөнтүп коюштубу?

–  Негизи  план  боюнча  эмки  жылы үйлөнмөкмүн. Анткени, Айжаркын келерки жылы окуусун аяктамак. Келинчегим учурда Кытайдын Харбин шаарында, Харбин университетинде окуйт. Бишкекте өткөн сынакка катышып, бир топ адамдардын ичинен эң жогорку упайга ээ болуп, жолдомо утуп алган. Кудайдын буйругу менен быйыл үйлөнүп калдык.

–  Эми  окуусун  бүтпөй  калабы?

– Эмне үчүн? Мен Айжаркындын ушунча жылдык эмгегин талаага таштоого жол бербейм. Кандай гана болбосун, окуусун аяктап келүүсүнө шарт түзөм. Анткени, аял кишинин билимдүү, илимдүү көз карашы кенен болгону үй-бүлөлүк гармонияга алып келет деп түшүнөм. Буюрса, келинчегим жакында Кытайга окуусуна кетет. Мен бул жактагы ишимди уланта берем. Балким, Харбинге барып келип турам. Убакыт учкан куш эмеспи, 1 жыл билинбей эле өтүп кетет.

– XIX кылымдагы кыргыздардын салты менен үйлөнгөн кандай экен?

– Кырчынга тигилген 1000 боз үй биз үчүн тигилип, биз үчүн дасторкондор жайылган сыяктуу эле таасирде калдым. Анткени, бизди тааныбаган эле адамдар боз үйлөрүн, тамак аштарын берип: “Конокторуңду киргиз”, – деп жатышты. Бир сөз менен айтканда, ДКОнун учурунда, өзгөлөрдөн башкача үйлөнгөнүмө өкүнбөйм.

– Ашыкча чыгым да болбосоң керек?

– Туура айтасыз. Эч кандай деле чыгым болгон жокмун. Мен негизи эле бири-бирине атаандашып, кафе-ресторандарга той бергенге каршы болчумун. Катар-катар окшош машинелерди ээрчитип шаар кыдыруунун кажети жок дечүмүн. Алы жеткени деле, алы жетпегени деле насыя алып той бергендерди көрүп, Айжаркын экөөбүз ашыкча чыгымга жол бербейбиз дейт элек. Бактыбыз бар экен, тилегибиз кабыл болуп, минтип баш кошуп отурабыз.

– Видеодогу адамдардын баардыгы урук-туугандарың да ээ?

– Негизинен ата-энем, мен жана келин-чегим төртөөбүз гана чыныгы ролубузда болдук. Ал эми калгандарын актерлор ойноду.

– Демек, шаарга келгенден кийин туугандардан бата алат турбайсыңарбы?

– Ооба. Туугандарды чакырып чакан эле той беребиз деп сүйлөшүп жатабыз. Эмнеге дегенде, мен дагы, колуктум дагы үй-бүлөдө улуусу болгондуктан, биздин тойду күтүп жүргөндөр бар. Буюрса, Ошто да тоюбуз болот.

– ДКОнун катчылыгында канчадан бери иштейсиң?

–  2014-жылы  катчылык  уюшулгандан бери иштеп калатам. 2016-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгынын инфраструктура боюнча координаторумун.

– Координатор катары айтсаң, көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен Кыргызстан 2014-жылдан бери эмне тапты, эмне жоготту?

– Буга чейин Кыргызстан башка мамлекеттерге президенттерин кууп кетирген өлкө катары гана таанылып келсе, азыр кичинекей мамлекет болгонубуз менен чоң-чоң, дүйнөлүк масштабдагы долбоорлорду ишке ашыра ала турган өлкө экенин билип калышты. Менин оюмча, көчмөндөр оюндары – саясый дагы, экономикалык планда дагы пайдасын тийгизе турган долбоор болду деп эсептейм. Эмки эстафета Түркия мамлекетине берилбедиби. ДКОнун олимпиада оюндары сыяктуу башка өлкөлөрдө өтөөрү бизди кубанычка бөлөдү.

Айтмакчы, Союзбек менен Ай-жаркындын үйлөнүү тою “Оймо продакшн” компаниясы тарабынан документалдык фильм болуп тартылды. Фильмде кыргыздын кыз узатуу, келин киргизүү деге-ле, жаш жубайларга болгон ырым-жырымдар, көшөгө тартуу, келиндин чачын экиге бөлүп өрүү, элечек ороо, жоолук салуу, чачыла чачуу, келин көрүү, өкүл ата, өкүл эне коюу, отко киргизүү сыяктуу салттар көрсөтүлмөкчү.