Темирландын автограф толгон текчеси

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ааламдын булуң-бурчунан туристтер, меймандар, спорт күйөрмандары, журналисттер келди. Аларды талаптагыдай тейлөө, сылык-сыпаа мамиле кылуу кыргыз намысын ойлогон баарыбыздын милдетибиз экенин да эстен чыгарган жокпуз .

Негизги оюндар өткөрүлгөн Чолпон-Ата ипподромундабы, Кырчын жайлоосундабы, Чолпон-Атадагы спорт борборундабы тейлөө кызматын көрсөткөн жарандарыбыздын аракетин көрүп ичибиз жылыды.

Айрыкча коноктордун оюндагысын таап, алардын табитине, каалоосуна ылайык тейлөө кызматын сунуштоо да чоң чеберчилик.

Береги сүрөттөгү жигиттин аты Темирлан Таалайбеков. Бул жигит Чолпон-Атадагы спорт борборундагы меймандар үчүн уюштурулган чакан базардын бурчуна кофе-чай, жегенге жеңил тамак-аштарды сатып жатты. Баарыбызга белгилүү чет элдиктер кофени көп ичет. Ошондон уламбы Темирлан абдан эле чакан кофе чакан жайынан киши үзүлгөн жок.

Эң башкысы алар ыраазычылыгын билдирип, кофе койчу текчесине толтура автограф калтырып кетишиптир. Аны көрүп биз да кубанып, көргөнүбүздү элге жеткирип турган чагыбыз.