Кыргызстандын колун узарткан — ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыймылдаткан баарыдан мурда ЫКТЫЯРЧЫЛАР  болду го десем жаңылышпаймын. Мен минтип чоң тамгалар менен жазып жатканымдын себеби бар. Буту бутуна тийбей тызылдап чуркап иштеген, жаштыгына билими, тарбиясы, патриоттуулугу  жарашкан жаштарыбызды көрүп туруп кубанасың. Дээрлик бардыгы бир нече чет тилдерди чемичкедей чагат экен.

Башкача айтканда уюштуруу иштерине көмөктөшүү, ар түрдүү тилде сүйлөгөн конокторду тургандан жаткан жерине чейин коштоп алып жүрүү, алардын бардык кызыккан суроолоруна жооп берип, тарых-маданиятыбызды таанытуу, элибиздин терең маданиятын, сыйкорлугун көргөзүү, кала берсе Кырчын жайлоосун тазалап иретке келтирүү өңдүү иштерди аткарышкан,  миңдеген конокторду тосууда Кыргызстандын колун узарткан дал ушул ЫКТЫЯРЧЫ жаштарыбыз болду. Бир сөз менен Кыргызстандын келечеги ушул жалындаган жаштарыбыздын колунда экенин көрүп, көкүрөктө ишеним уялап, маанайың көтөрүлбөй койбойт. Белгилей кетсек III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500 ЫКТЫЯРЧЫ тартылган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *