Дүйнөлүк оюндарды дүңгүрөткөн журналисттер

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын соңку тарыхындагы саясий-маданий, тарыхый жагынан алганда өтө чоң, баарыбызды сыймыкка бөлөгөн абдан маанилүү иш-чара экени түшүнүктүү.

 

Ага 56 өлкөдөн келген 604 чет өлкөлүк журналисттердин катышып жатышы (50 телеканал,  радиостанция, 67 маалымат агенттиктери, 48 гезит жана 50 блогер) Кыргызстандын даңкы далайга кетти деген сөз.

 

Ошондой эле Кыргызстандын 70 ЖМКсынан келген 700дөн ашык өзүбүздүн журналисттер (26 интернет басылмалары, 7 радио, 30дан ашуун мамлекеттик, облустук жана  жеке менчик каналдар, 12 гезит) чагылдырып жатышат.

 

Алардын оперативдүү иштөөсү үчүн Чолпон-Атадагы Спорт борборунда бардык  шарттар түзүлгөн. Кофе-брейк уюштурулуп, жүздөгөн компьютерлер коюлган.