Кырчында дүйнөлүк ашпозчулар «кырчылдашты»

Кырчында 2-6-сентябрь күндөрү “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” фестивалы өттү. Ага Казакстан, Өзбекстан, Румыния, Сауд Аравиясынын өкүлдөрү катышты. Оюндун максаты көчмөн элдердин тамак-ашын даңазалоо, кылымдардын катмарынан бүгүнкү күнгө чейин жеткен тамак-аштын түрлөрүн кеңири жайылтуу, эң негизгиси ашпозчулардын чеберчилигин көргөзүү болду.

       Ашпозчулардын алдына коюлган шарт абдан  татаал болду. Атайы кутучага салынган кагаздарда түрдүү тамак-аштардын аты жазылып, ал тамакты белгиленген мөөнөттө жасай салуу керек эле. Бул темадагы конкурстун дагы бир шарты сөзсүз эт аралаштырып жасоо керек болчу.

   Конкурс  Дүйнөлүк ашпозчулардын кесиптик ассоциациясынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле ааламга аты угулган ашпозчулардын, мындан тышкары жаш ашпозчулардын ортосунда өттү. Кантсе да эт дегенде эт-бетинен кеткен биздин Бишкектин мен деген кафе-ресторандарынын ашпозчулары чыны менен кыйын экен, кутучадан алынган тапшырма боюнча алдына ат салдырган жок. 

       Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте Кыргызстандын командасы жеңүүчү болуп табылды. Аравиянын командасы  конкурстун  “Чебер ашпозчу” номинациясы боюнча экинчи орунду багынтып күмүш медаль алса, Казакстандыкы   үчүнчү орунду ээлеп коло медалга ээ болду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *