Пятница, 29 марта, 2024
6.1 C
Бишкек

Кыргыз футболунун келечеги кандай?

Эсибизде болсо, 2021-жылы кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, өлкө башчысы Садыр Жапаров футболду мектептерден университеттерге чейин жайылтуу Кыргызстанды улут саламаттыгы чың өлкө кылууга шарт түзөрүн баса белгилеген. Буга улай Президент кезинде СССР чемпионатынын биринчи, экинчи лигасына катышкан “Алга” футбол командасынын оюнчулары кыргыз футболунун чыныгы баатырлары болгондугун да кошумчалаган.

Албетте, Президент баса белгилегендей футбол биринчиден, улут саламаттыгын чыңдоо үчүн абдан зарыл болсо, экинчиден, дүйнө жүзү боюнча кеңири таралган спорттун бул командалык түрүн өнүктүрүү Кыргызстандын эл аралык аброю үчүн да өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери жер-жерлерде ондогон футбол аянтчалары курулуп, элүүдөн ашык футбол клубдары ачылып, Кыргызстан улуттук футбол курама командасы түзүлгөнү менен кыргыз футбол командасы алигиче дүйнөлүк чемпионатка катыша элек.

Кыргыз футболун көтөрүү кыйынбы?

Тарыхка кылчайсак, 1991-жылы түзүлгөн Кыргызстан курама футбол командасы 1992-жылы биринчи жолу Борбор Азия кубогуна катышып 4-орунду алган. 1993-жылы биздин курама команда Экономикалык кызматташтык уюмунун кубогуна катышып, өз тобундагы Азербайжандан утулуп, Казакстан, Тажикстан менен тең чыгып кийинки беттешүүлөргө катыша албай калган. 1994-жылы курама команда Кыргыз футбол союзу катары Азия футбол кубогу (АФК) менен Эл аралык футбол федерациясынын (ЭФФ-ФИФА) толук кандуу мүчөсү болуп катталган. Ошондон тарта Кыргызстан курама командасы бир дагы жолу дүйнө чемпионатына катыша элек. Кыргыз футбол союзу 2018-жылы гана Азия Кубогуна квалификацияланып, өз тарыхында биринчи жолу 2019-жылы Бириккен Араб эмираттарында өткөн Азия Кубогунун финалдык этабына чыккан. Финалдык оюнда Кыргызстан курама командасы Бириккен Араб эмираттарынын курама командасы менен кызуу таймашып, 2:3 эсебинде утулуп калган.

Бирок, бул беттеште кыргыз футболчулары жакшы оюн көргөзүп, дүйнө футбол күйөрмандарын таңдандырып койду. Бул окуядан соң кыргыз бийлиги жер-жерлерде футбол аянтчаларын көбөйтүп, Бишкекке эл аралык стандарттагы стадион куруларын, футболчуларга жакшы шарттар түзүлөрүн жар салган болчу. Бирок, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалдан улам азырынча ал убадалар аткарылбай турат.

А бул окуяга чейин кыргыз футбол курама командасы Азиядагы жана дүйнөдөгү алсыз курама командалардын бири болуп келген. ФИФАнын рейтинги боюнча 2018-жылы Кыргызстан курама командасы 210 өлкөнүн ичинен 75-орунга чыккан. Ал эми 2013-жылы болсо Кыргызстан 201-орунга түшүп калган. ФИФАнын 2023-жылдын декабрь айындагы рейтинги боюнча биздин курама команда азыр 98-орунда турат. Демек, кыргыз футболуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, каржылоо, көзөмөл күчөтүлсө футбол жагынан кыргыз оюнчулары ийгилик жаратарына ишеним бар.

Устат болбосо утуш да болбойт

Жогоруда айткандай, өлкөбүздө таанымал бизнесмен, ишкерлер каржылаган жана мамлекетке караштуу элүүдөн ашык футбол клубдары бар. 1992-жылдан тарта футбол боюнча Кыргызстан Кубогу, Кыргызстан чемпионаты да тынымсыз өтүп келе жатат. Ага катышып бир нече жолу өлкө чемпиону болгон «Алга», «Дордой», «Абдыш-Ата», «Алай» сыяктуу футбол командаларыбыз да арбын. Бирок, Кыргызстан ичинде чемпион болгон командалар, чыгаан оюнчулар бар болгону менен негедир кыргыз футбол командалары бир да жолу Азиянын башкы клубдук турнири болгон – Чемпиондор лигасынын топтук этабына (групповой этап) чыга алган жок. 1994-жылы гана «Алга» лиганын топтук этабына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, анда да тандоо тобунун акыркысы болуп калган. Ошондон кийин кыргыз командалары биринчи квалификациялык раунддан ары өтө албай келе жаткан. Натыйжада кыргыз командаларынын рейтинги төмөндөп, алар көп учурда Чемпиондор лигасына кире албай калышат.

Албетте, бул кыргыз футболчулары таптакыр эле ойной албайт дегенди билдирбейт. Бизде, башка өлкөлөр менен келишим түзүп, ошол өлкөлөрдүн командаларында ойноп ийгилик жараткан футболчуларыбыз да жок эмес. Алсак, кезегинде Назим Аджиев, Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов, Сергей Иванов өңдүү мыкты футболчуларыбыз чет өлкөлүк футбол командаларында ойношту. Эмилбек Кенжесариевди болсо казактар он жылга келишим менен алып кетишип ал Кыргызстан үчүн ойной албай калды. Азыр да жаш кыргыз футболчуларынын  айрымдары келишим менен сыртта ойноп жүрүшөт. Эгер алардын башын Александр Крестинин сыяктуу мыкты машыктыруучу бириктирип, мамлекет тиешелүү деңгээлде көңүл бурса, Азия Кубогунда, эл аралык чемпионаттарда Кыргызстандын да аты чыкмак.

Тилекке каршы, А.Крестинин кеткени кыргыз футболунун акыбалы анча эмес экени Азия Кубогундагы  кыргыз курама командасынын Таиланд, Сауд Арабиясы командалары менен беттешинде ачык көрүнүп калды. Эгер Кыргызстан курама командасынын башкы тренери Штефан Таркович айткандай, командабызда мыкты оюнчулар чогулган болсо эки каршылашына тең 2:0 эсебинде утулмак эмес эле. Өкүнүчтүүсү, бул оюндарда биздин «Ак шумкарларыбыз» чачкын ойноп, чабуул жасамак тургай, дурусураак коргоно алышкан жок. Ал эми Сауд Арабия оюнчуларынын ойноо тактикасы өтө мыкты экенине баарыбыз күбө болдук.

Мыкты оюнчулар бар, колдоо жок

Мындан эки жыл мурун Кыргызстан футбол союзунун жетекчиси Канатбек Маматов «Спутникке» маек берип жатып дүйнөлүк чемпионатка катышыш үчүн футболду өнүктүрүп, өспүрүмдөрдү футболго кызыктырып, алардан түзүлгөн командаларды эл аралык турнирлерге тез-тез алып чыгып туруш керектигин айткан. Буга улай ал мыкты фубол командаларын чыгарыш үчүн мамлекет өлкөнүн футбол инфраструктурасын жакшыртып, ири компанияларга өздөрүнүн футбол командаларын чыгарууга Өзбекстандагыдай кылып стимул бериши керектигин (мисалы, кайсы бир салыктардан бошотуп) баса белгилеген. Ошондой эле ал кыргыз футболун көтөрүү үчүн ири машыктыруучуларды, оюнчуларды талаптагыдай каржылап, керек болсо сырттан да легионерлерди, машыктыруучуларды алуу керектигин билдирген.

Албетте, бизде азыр футбол клубдарын түзүп, машыктыруучуларды, оюнчуларды колунан келишинче каржылап жаткан компаниялар жок эмес. Бирок, андай клубдарда футболго кызыккан өспүрүмдөрдүн өсүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Жөнөкөй эле мисал, азыр Бишкекте кайсы бир футбол клубга катышыш үчүн баланын ата-энеси айына 3-4 миң сом төлөп, баланын формасын, тамак-ашын, жол киресин өзү камсыздашы керек. Эгер бала эл аралык турнирлерге чыга турган болсо, анын болгон чыгымы да баланын ата-энесинин мойнуна жүктөлөт. А андай чыгымды бардык эле ата-энелер көтөрө албайт. Натыйжада футболго шыктуу балдардын көбү каражаттын жоктугунан улам спорттун бул түрүн биротоло таштоого аргасыз болот.

Мисалы, менин балам Бишкектеги белгилүү эле бир футбол клубуна катышып, айына 3000 сом төлөйт. Бир жыл ичинде футбол клубу тарабынан ал жердеги мыкты ойногон балдарга материалдык, моралдык колдоо болгонун, мыкты балдардан курама команда түзүлүп, өлкө ичиндеги, эл аралык турнирлерге катыштырылганын деле көргөн жокмун. Болбосо, ал клуб Кыргызстандагы эң чоң, бай компанияга таандык. Кызыгы, ал футбол клубдун түзүлгөнүнө көп жыл болсо дагы Азия Кубогуна, дүйнөлүк чемпионатка катыша турган команда чыккан эмес. Себеби, бул клубдан чыккан мыкты оюнчулар өз жанын багыш үчүн жакшы төлөгөн өлкөлөргө чыгып кетишкен. А Спорт жана дене тарбия иштери боюнча агенттигинин жаш футболчулар, футбол клубдары менен иши деле жоктой.

Демек, футболду өнүктүрүүгө мамлекет өзү батыл киришип, бул тармакты системага салып, ошол эле кезде каржылоо менен талапты күчөтпөсө, 2030-жылы деле дүйнөлүк чемпионаттарга чыгышыбыз күмөн.

Бизнесмендер кайда?

Белгилүү меценат, бизнесмен Аскар Салымбеков мындан он беш жыл илгери бир футбол команданы каржы-лоого 200 миң доллар сарпталарын, ошол эле кезде Кыргызстанда ушундай баадагы автоунааларды айдап жүргөн бизнесмендер көп экенин, бирок, алар футболго инвестиция кылууну каалабасын айткан. Буга улай ал Кыргызстанда жашап миллионер болгондор өз кызыкчылыгы үчүн асман тиреген үйлөрдү, пайдасыз эстеликтерди, коттедждерди куруп жатышканын, а башка өлкөлөр болсо футбол өлкөнүн келечеги, бакубат жашоонун барометри экенин эбак түшүнүшкөн үчүн ага миллиондорду жумшап жатышканын ортого салган. Тууган күйдүрүп айтат дегендей, бул ачуу чындык. Калкыбыз 6 миллионго жетти деп мактанып жатканда 4 миллион калкы бар Уругвай мамлекети футбол жагынан күчтүү чыгып, калкы алда канча көп Бразилия, Аргентина менен теңтайлашканын да эстен чыгарбашыбыз керек. Муну айтканыбыз, бизде футболго каражат бөлө турган байларыбыз да, футболчуларыбызды моралдык жактан колдоп алчу күйөрмандарыбыз да, машыгууга ылайыктуу климатыбыз да бар. Болгону футболду өнүктүрүүнү уюштура турган бирдиктүү система жок.

Дагы жакшы, 2015-жылдан тарта ФИФА кыргыз футболуна көңүл буруп, аз да болсо жардам берип, акыркы эки-үч жылда футболго кызыккан өспүрүмдөр көбөйдү. Эми алардын демин суутпай, өлкө ичиндеги турнирлерди тез-тез өткөрүп туруубуз керек. Ал үчүн, албетте, биринчи кезекте Бишкекке экс-президент Сооронбай Жээнбеков убада кылган стадионду куруп, турнирлерди өткөрүүнү каржылоого ири компаниялар, бизнесмендер милдеттендирилиши керек. Муну кыргыз ишкерлери туура кабыл алып, өлкө келечеги шайлоолорго, саясатка, экономикага эле байланыштуу эмес экенин, спорт да мамлекеттин негизги өзөгү экенин туура түшүнүшү керек. Бул ишке ашпаса Кыргыз футбол союзу менен Спорт жана дене тарбия иштери боюнча агенттик азырынча бул ишти жылдыра албайт.

Ошентсе да…

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, былтыр айтылуу «Барселона» футбол клубунун академиясы Жалал-Абадда ачылып, Бишкекте академия имаратынын курулушу башталды. Кыргыз футболу үчүн бул өтө жакшы саамалык болду. Президент Садыр Жапаровдун бул академия-нын ачылышына катышып, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын өнүктүрүү активдүү уланарын билдиргени жана кыргыз футболисттеринин дүйнө чемпионатында ойноо кыялы жакынкы жылдары ишке ашарын ишенимдүү баса белгилегени жаш оюнчулар үчүн чоң дем болду. Эми бул сөз боюнча калбашы керек.

Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу» 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар